Бишкек, Нур-Султан жана Москвадагы айлык менен азык-түлүктүн баасы. Салыштыруу

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк дүкөнүндөгү кардар. Архив
Азык-түлүк дүкөнүндөгү кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети билдиргендей, койдун эти менен жууган май Бишкекте эң арзан. Ал эми Москва, Минск жана Нур-Султанда маяна бир нече эсе жогору.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети эл көп жеген азык-түлүктүн баасы Бишкек, Нур-Султан, Москва жана Минск шаарларында кандай экенин салыштырды.
Белгиленгендей, сентябрь айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин борбор шаарларынын ичинен күнүмдүк керектүү товарларга болгон эң жогорку баа Москвада катталган.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 1-ноябрда бир доллар 84,8 сомго бааланган. Статистика комитети койдун эти (5,72 доллар) менен жууган май (4,09 доллар) Бишкекте арзан экенин белгиледи.
Статком ошондой эле төрт шаардын орточо айлык акысын салыштырды:
  • Бишкек — 297,6 доллар;
  • Нур-Султан — 794,8 доллар;
  • Москва — 1 483,7 доллар;
  • Минск — 803,6.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Медведев: дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгы келди
Бишкек жана Минск боюнча айлык август айына карата, Москваныкы июль, Нур-Султандыкы 2021-жылдын III кварталы боюнча алынды.
Графикте көрсөтүлүп тургандай, аталган өлкөлөрдүн баш калааларынын ичинен эң төмөнкү айлык Бишкекте. Алсак, Бишкектеги орточо эмгек акыга 50 килограммдан ашык уй этин сатып алса болот, Москванын маянасына 4,3 эсе көп же 224 килограмм эт келет.
Нур-Султанда бир айлык эмгек акыга эки тоннадай нан сатып алса болот, ал эми Бишкектикине 3,1 эсеге аз (498 килограмм) келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0