"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн дирекция түзүлөт. Милдети

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту топтоонун аянтчасы болот.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлөт:
  • ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу;
  • ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча заказ берүүчү.
"Ишкердик борбор Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбор Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту топтоонун аянтчасы болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0