Чакан бизнестегилер салыктан болуп көрбөгөндөй жеңилдик алат. Жаңы кодекс

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана калькулятор. Архив
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Салыктын үч түрүн төлөөдөн бошотулат. Мисалы, 1000 сомдук товар же кызмат көрсөтүү үчүн 40 сом төгөт.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Салык кодексинин жаңы редакциясында чакан жана орто бизнес үчүн бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы сунушталууда.
Долбоорго ылайык, эгерде түшкөн акчанын (жүгүртүүдөгү) көлөмү жыл ичинде 30 миллион сомдон ашпаса, ишкерлер жөнөкөйлөтүлгөн системаны колдоно алат. Пайда, сатуу жана кошумча нарк салыктарын кошуп бирдиктүү салык режими киргизилет. Анын ставкасы 4 пайызды түзөт. Тагыраак айтканда, салыктын аталган үч түрүн төлөөдөн бошотулат. Мисалы, 1000 сомдук товар же кызмат көрсөтүү үчүн 40 сом салык төлөйт.
Бишкектеги Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Базардагылар да ККМ менен соода кылууга милдеттендирилет. Жаңы Салык кодекси
Мындай режим салыктык башкарууну оптималдаштыруу максатында киргизилүүдө. Учурда иштеп жаткан кодексте мындай жеңилдик жүгүртүүсү жылына 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге берилет. Ошондой бирдиктүү салык режимине пайда жана сатуу салыгы киргизилген.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, бирдиктүү салыктын жаңы механизмине туура келген субъектилердин саны 283 177ни түзөт.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0