Өлкөдө бир жылда суу май 1,5 жарым эсе кымбаттады. Аймактардагы нарк

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКиши суу майды тандап жатат. Архив
Киши суу майды тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
2020-жылы октябрда күн карама майынын литри орточо эсеп менен 122 сомдон сатылса, быйыл 173кө көтөрүлдү. Пахта майы 120дан 179 сомго чейин кымбаттаган.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баа 45,7 пайызга жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Статком республиканын 18 калктуу конушуна жүргүзгөн ар күндүк мониторингдин жыйынтыгын чыгарган.
Маалыматка ылайык, күн карама майынын чекене баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен (бир литр үчүн 173,98 сом) өткөн жылдын октябрына караганда 42,2 пайызга жогорулаган, ал эми пахта майынын литри 179,25 сомду түзүп, 48,4 пайызга өскөн.
Бир миң сомдук купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Нарын, Бишкек, Ош... Статком кайсы аймактарда айлык көтөрүлгөнүн айтты
Күн карама майынын эң жогорку наркы Кара-Суу (184,61 сом), Ош (183,85 сом) жана Нарын (183,60 сом) шаарларында байкалган. Ал эми эң арзаны Покровка айылында (156,36 сом), Кара-Балта (157,31 сом), Өзгөн (160,66 сом) шаарларында сатылат.
Пахта майынын эң кымбаты Токмок (196,16 сом), Жалал-Абад (186,13 сом) жана Токтогул (184,78 сом) шаарларында катталды. Ошол эле учурда минималдуу бааны Покровка (154,92 сом), Кербен (160,00 сом) жана Талас (161,06 сом) шаарларынан кездештирүүгө болот.
Белгилей кетсек, 2020-жылы октябрда күн карама майынын литри орточо эсеп менен 122 сомдон сатылса, быйыл 173кө көтөрүлдү. Пахта майы 120дан 179 сомго чейин кымбаттаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0