Улуттук банк октябрда 88 млн. доллар сатты. Резерв азаюуда

© AFP / MARK WILSONЖүз долларлык банкноталар. Архив
Жүз долларлык банкноталар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Бул сентябрь айынын аягындагы рекорддон (3,2 миллиард доллардан ашык) 91,2 миллион долларга азайганынан кабар берет.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Октябрь айынын аягында Улуттук банктын эл аралык валюталык резервинин (алтын валюталык) көлөмү 3 миллиард 149,9 миллион долларды түздү.
Бул сентябрь айынын аягындагы рекорддон (3,2 миллиард доллардан ашык) 91,2 миллион долларга азайганынан кабар берет. Азыркы көрсөткүч тарыхтагы экинчи болуп катталды.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Кыргызстандыктар банкка салган каражат бир жыл ичинде 40 млрд. сомго өстү
Улуттук банк октябрда үч жолу валюталык интервенция жүргүзүп, 87,8 миллион доллар саткан.
Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун түшүрбөй кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, SDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0