Өкмөт "Бишкек" эл аралык финансы борборун түзгөнү жатат. Максаты

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
"Бишкек" эл аралык финансылык борборунун резиденттери үчүн өлкөдөн сыртка чыкпастан эле виза алуу, узартуу, өзгөртүү, жокко чыгаруу, же эл аралык аэропортко келгенде визаны алуу сыяктуу жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор каралат.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети "Бишкек" эл аралык финансы борборун түзүүнү пландап жатат. Мыйзам долбоор өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Анын максаты жана милдеттери мыйзам долбоордо төмөнкүчө көрсөтүлгөн:
  • инвестиция үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жолу менен Кыргызстандын экономикасына инвестициялардын тартылышына жардам көрсөтүү;
  • Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногун жана финансылык куралдарды, анын ичинде санариптик финансылык активдерди өнүктүрүү, капиталдын эл аралык рыноктору менен интегралдашуусун камсыз кылуу;
  • Кыргызстандагы камсыздандыруу рыногун, банктык кызматтарды, исламдык финансылоону, финансылык технологияларды, электрондук коммерцияларды жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү;
  • Мыкты эл аралык тажрыйбалардын негизинде финансылык жана кесипкөй кызматтарды өнүктүрүү;
  • Финансылык борбор катары эл аралык деңгээлде таанылуу.
"Бишкек" эл аралык финансылык борборунун өзгөчөлүктөрүнүн бири анын укуктук статусу болуп саналат. Анда англиялык укуктар пайдаланылат жана юрисдикциялык автономия колдонулат.
"Талаштарды чечүүгө ийкемдүү жана транспаренттик мамилелерди пайдалануу, ошондой эле инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого артыкчылыктардын берилиши англиялык жалпы укуктардын өзгөчөлүү белгилери болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн дирекция түзүлөт. Милдети
"Бишкек" эл аралык финансылык борборунун резиденттери үчүн өлкөдөн сыртка чыкпастан эле виза алуу, узартуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу, же эл аралык аэропортко келгенде визаны алуу сыяктуу жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор каралат.
Бул долбоор боюнча сын-пикирлер жана сунуштар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр.106, Экономика жана финансы министрлиги, Мукашова Г.А., тел. 961322, e-mail: fsa-cm@mail.ru.
Жаңылыктар түрмөгү
0