КР Түрк маданияты фондунун финансы маселесине байланыштуу мыйзамды ратификациялады

© Фото / Facebook / Мэрия города ОшТүрк кеңешине мүчө мамлекеттердин желектери. Архив
Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Бул макулдашууга ылайык, жогоруда аталган фонддун бюджетинин отчёттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Президент Садыр Жапаров ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жапаров ТМККнын баш катчысы менен алдыдагы саммит тууралуу сүйлөштү
Фонд түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө иш-чараларды, долбоорлор жана программаларды каржылайт. Ошондой эле түрк маданиятын, мурастарын калыбына келтирүү жана коргоо максатындагы илимий, техникалык, каражат маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0