Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга каражат Россия Федерациясынан эки багыт боюнча келет.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жакынкы жылдары Кыргызстанга Россиядан 400 миллион доллар тартылат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.
Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы келген. Новиков бизнесмендердин алдында сүйлөп жатып, алардан долбоорлор күтүлүп жатканын айтты.
"Жакында болгон талкуунун жүрүшүндө биз "Росэксимбанк" 2022-жылдын ичинде фонддун учурдагы ресурстарынан сырткары, фонд менен биргелешип каржылоо үчүн 200 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты кошумча бөлүүнү макулдашканбыз. Сиздерден долбоорлорду күтөбүз", — деди ал.
Новиков кошумчалагандай, 20 жыл ичинде өлкө бул инструментти толук өнүктүрүү үчүн лизинг рыногуна системаны түзүүчү ири инвесторлорду тарта алган эмес. Ал 20 жыл бою россиялык жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок бул долбоорго эч ким ишенбегенин айтты.
Деловая миссия российских компаний в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Россиянын элчиси Кыргызстан ЕАЭБден кандай пайда көргөнүн айтты
"Өлкө жетекчилигинин колдоосу аркасында фонд россиялык өнөктөштөр менен кыргыз рыногунда иш алып баруу үчүн толук кандуу лизингдик компания түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус бизнес-форумунун жүрүшүндө россиялык "Нацпромлизинг" компаниясы менен "Нацпромлизинг-Кыргызстан" лизингдик компаниясын түзүү боюнча алдын ала макулдашуу болду. Бүгүн биз уюштуруу меморандумуна кол коюп, документтерди каттоого берүүгө даярбыз", — деген фонддун жетекчиси.
Анын айтымында, бул компаниянын түзүлүшү менен жакынкы жылдары фонддун каражатынан сырткары Россиядан Кыргызстандын экономикасына кошумча 200 миллион доллар тартууга мүмкүндүк жаралат.
"Ошентип, ушул чечимдер гана жакынкы жылдарда Россиядан кеминде 400 миллион доллар тартууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады Новиков.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу бул иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0