Кымбаттаган бензин: РКӨФ бул боюнча башка долбоор карап жатат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБензовоз. Архив
Бензовоз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Новиков айдоочуларга жеңилдик болуш үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Газды автоунааларда күйүүчү каражат катары колдонууну көбөйтүү үчүн атайын долбоор каралып жатат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.
Ал Кыргызстанга келген россиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык миссиясы менен жолугушууда сүйлөп жатып, аталган фонд учурда экология тармагында эки долбоорду даярдап жаткандыгын айтты.
"Экинчи долбоор республика боюнча газды күйүүчү май катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттырууну көздөйт. Муну ишке ашыруу экологияга гана оң таасирин тийгизбестен, бензин кымбаттап жаткан азыркы учурда автоунаа айдагандардын чыгымын азайтат. Албетте, бул долбоорлор бир күндүк же бир жылдык эмес, андан сырткары өлкөнүн экологиялык жактан туруктуулугунун маанилүү бөлүгү болуп калмакчы", — деген Новиков.
Төрага кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айдоочуларга газ жабдуусун алууга узак мөөнөттө, аз үстөк пайызда каражат бериши үчүн Кыргызстандагы банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат
РКӨФ автоунаа ээлерине жогорудагы продукцияны пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында газ ташып келген компанияларга атайын кампаларды жана куюучу жайларды куруу боюнча колдоо болорун айтты.
Новиковго бул долбоордун алкагында бензинди пайдалангандарды газга өткөрүү боюнча иштер жасалар, жасалбасын сурады.
"Биз жарандарыбызга ыңгайлуу, арзан жана пайдалуу жолун өздөрү тандап алышына альтернатива түзүп беребиз", — деген төрага.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0