Базарда эт сатуу. Архив

Россияда уй этин өндүргөн союздун башчысы КРден чыккан эттин сапатына баа берди

343
(жаңыланган 15:17 11.11.2021)
Россиялык адис Кыргызстанда тоонун чөбүн жеп семирген малдын этинде омега-3 майлуу кычкылы омега-6 кычкылына караганда үч эсе көп экенин белгилеген.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россияда уй этин өндүргөн улуттук союздун башчысы Роман Костюк Кыргызстандагы эттин сапатын баалап, анын атаандаштык жараткан артыкчылыктарын атап берди.

Белгилей кетсек, Бишкекте россиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтүп жатат. Анда Костюк буга чейин кыргызстандык ишкерлер менен жолугушууда өлкө эт жаатында атаандаштык жарата аларын айтканын билдирген.

"Россия малды буудай менен семиртүүгө өтүп жатат. Россиянын соңунан Казакстан да америкалыктардын таасири менен малды буудай менен семиртүүгө өттү. Биз болсо "токтой тургула!" деп айтып жатабыз. Кыргызстан — эң пайдалуу азыктардын, даамдуу эттин мекени. Бул мамлекетте эмне өндүрүлүшү керек? Тоолуу жерлерде кадимки чөп менен семирген малдын эти стейк менен эле эмес, пайдалуу жана форель менен да атаандаштык жарата алат", — деди Костюк.

Ал стейк рыногу үчүн күрөштүн фонунда Кыргызстан тоонун чөбү менен семирген малдын этин сунуштап жатканын айтып, алардын этинде омега-3 майлуу кычкылы омега-6 кычкылына караганда үч эсе көп экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, омега-3 майлуу кычкылы адам организми үчүн абдан пайдалуу.

343
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, эт, сапат, баалоо, адис
Тема:
Россиялык компаниялардын Кыргызстандагы миссиясы (13)
Тема боюнча
Бизнеске миллиондогон каражат бөлүнөт. РФ компанияларынын сапары видеодо
Россиялык борбор кыргыз ишкерлерине жеңилдетилген насыя берүү ниетинде
Акча каражаттары. Архив

Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме

785
(жаңыланган 16:55 06.12.2021)
Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесинин негизинде министрлер кабинетине 13 пунктудан турган сунуш берген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотууну караган жарлыкка кол коюп, бирок бир нече талап койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы жарлык "Чакан ишкердик субъектилерди колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" деп аталарын белгилеп, ишкерлерден эмнелер талап кылынарын тизмектеди.

Аналитикалык платформаны толук ишке киргизүү максатында төмөнкү талаптар болот:

  • көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу;
  • электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонуу;
  • киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
  • жер салыгын, мүлк салыгын төлөө (бар болсо);
  • импорттук-экспорттук операциянын жок болушу.

Ишкердик субъектилерди колдоо, кабыл алынуучу чечимдердин салыктык жана бажылык укук мамилелери бөлүгүндө оперативдүүлүгүн жогорулатуу, ак ниет салык төлөөчүлөр жана ишкер чөйрөсү үчүн жагымдуу салыктык жана бажылык климатты түзүү максатында министрлер кабинетине бир нече сунуш берген.

Ал Конституциянын 71-беренесинин негизинде жасалган.

Министрлер кабинетине берилген сунуштар:

Жогорку Кеңештин кароосуна ишканаларды салыктардан бошото турган мыйзамдардын долбоорун киргизүү айтылган. Алар — киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар ККМди жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык алуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8,0 миллион сомго чейин ишканалар. Кеп товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъектилер туурасында болуп жатат;

Салык төлөөчүнүн бирдиктүү карточкасын жана кошумча нарк, акциз салыктарын төлөөнү көзөмөлдөөнүн аналитикалык системасын түзүү, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделин ишке киргизүүнү камсыз кылуу милдети коюлган. Андан сырткары, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү аркылуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын минималдаштыруу боюнча да тапшырма берилген;

маркаланган алкоголь жана тамеки продукциясына байкоо механизмин киргизүү;

маркаланууга жана байкалууга тийиш болгон товарлардын, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын тизмесин толуктоо;

2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, Бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана 2021-жылдын аягына чейин бекитүү;

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктуларында мамлекеттик көзөмөлдүн түрлөрүн жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин колдонуу;

ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пунктуларында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүнү жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принциби боюнча бирдиктүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган деп бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;

ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пунктуларында жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пунктуларына жакын жерлерде мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бизнес-процесстерин маалыматтык өз ара иштешүүнү камсыз кылуу аркылуу оптималдаштыруу;

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкү ыйгарым укуктарды берүү:

а) Кыргызстандын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, отчеттордун, эсептердин, декларациялардын, документтердин, кабарлоолордун, маалыматтардын, маалыматтык эсептердин, патенттердин, контрактылардын (келишимдердин), билдирмелердин, чечимдердин, корутундулардын, актылардын формаларын, аларды кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө толтуруу, түзүү жана/же берүү тартибин бекитүү боюнча ыйгарым укукка ээ болушу керек;

б) юридикалык жактар мамлекеттик каттоо боюнча укукка ээ болушу керек.

мамлекеттик көзөмөлдөөнү (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу органды аныктоо:

а) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пунктуларына жакын жерлерде жайгашкан товарларды эсепке алуу жайларында — Мамлекеттик салык кызматы координациялайт;

б) ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан автомобилдик өткөрүү пунктуларында — Мамлекеттик бажы кызматы координациялайт.

маалыматтар базасын Мамлекеттик салык кызматына берүү менен бажы кызматынын жана юридикалык жактарды, жарандарды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, ишкердик объектилерди каттоо боюнча мамлекеттик органдардын системаларын Салык кызматынын системасы менен комплекстүү интеграциялоону жүргүзүү;

Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык потенциалын оптималдаштыруу жана техникалык жактан жабдууну күчөтүү;

Улуттук банк менен биргеликте санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны Кыргызстандагы коммерциялык банктардын реалдуу убакыт режиминде Мамлекеттик салык кызматына маалыматтарды берүүнү камсыз кылган көзөмөл-кассалык машиналардын функциясы бар РОS-терминалдарды милдеттүү колдонууга өтүүсүн эске алуу менен накталай эмес төлөмдүн үлүшүн көбөйтүүнүн иштиктүү механизмдерин кабыл алуу.

785
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, салык, бошотуу, ишкана, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, машина, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
Электр линиялары. Архив

Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Чоо-жайы

144
(жаңыланган 16:03 06.12.2021)
Электр энергиясы боюнча маселе ноябрдын соңунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында козголгон.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат.

Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
144
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, Садыр Жапаров, жарлык, колдоо, жөлөк пул
Тема боюнча
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт
Прокуратура: электр энергиясына карызы бар адамдарды жаап-жашырган схема аныкталды
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт

Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?

7
Эртең, 7-декабрда, Россия жана АКШ президенттери видеобайланыш аркылуу сүйлөшөт. Аны утурлай таасирдүү Atlantic Council аналитикалык борбору Байден үчүн бүтүндөй бир сценарий түздү.

Америкалыктардын каалаганы эмне? Эң оболу Россия тезинен Украина менен чек арасынан күчтөрүн алып кетишин күтөт. Бирок алар өз өлкөсүнүн аймагында экенин Кошмо Штаттар эстен чыгарып жатышат. Ошол эле учурда украиналык күчтөр туурасында бир ооз да сөз жок. Киев өзүнүн Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгарып кетүүгө милдеттенме да албайт. Виктория Никифорованын эки держава лидерлеринин эртеңки баарлашуусунун алдында жагдайды талдоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Батыштын оюнда Россия Украинаны "коркутканын" токтотууга тийиш. Ал эми Украина аймагына америкалык жана британиялык аскердик базалар, жашыруун биолабораториялардын жайната курулуп, америкалыктар өндүрүштүк масштабда "Жавелиндерди" түшүрүп, НАТО өлкөлөрү да оолак карманган комплекстүү аскердик кызматташтыкка умтулуп жатканына көз жумуп коюушу керек экен. Ал тургай Россия аталган мамлекетти газ, көмүр жана башка эмнеге муктаж болсо, баары менен үзгүлтүксүз жабдууга милдеттүү деп эсептешет.

НАТОго мүчө болушун кубаттап же куру дегенде унчукпай моюн сунушун көксөшөт. Россия булардын баарын аткарса, Кошмо Штаттар Минск келишимдерин өзү кошо ишке ашырууну убада кылат. Болгону алар Минскиде кол коюлуп, Германия жана Франция тарабынан кепилденген келишимдер эмес.

Америкалык версиясында Донбассты "эл аралык зонага айлантуу" сунушталат. Республикалардын Украинанын өзгөчө макамы жөнүндөгү жана өлкөнүн тышкы саясатына вето коюу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясий талаптары канааттандырылбайт. ЛТР жана ДТРдин жетекчилигин толук бойдон "өткөөл учурдун эл аралык жарандык администрациясы" менен алмаштыруу болжонот.

Кошуундар куралсыздандырылып, милиция таратылат. Бул түзүмдөрдүн ордун эл аралык тынчтык орнотуучулар басат. Алардын көзөмөлүндө Донбасста шайлоо өтүп, "кесипкөй полиция" түптөлөт. Ошентип Украина-Россия чек арасындагы көзөмөл акырындап кайсы бир эл аралык тынчтык орнотуучулардын колуна өтөт. Минск келишимдеринде так жазылган шарттардын эч бири аткарылбастан, көзөмөл алардын колунан Киевге берилет.

Эгер Россия буга көнсө, Вашингтон Киевге азыраак курал берип, Россиядан санкциялардын бир бөлүгүн алууну, НАТО менен Россиянын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну убада кылат. Ал эми Россия бул талаптарды аткаруудан баш тарта турган болсо, Украинаны курал-жарак менен жабдууну уланта берет. "Жавелиндерден" сырткары, тизмеде — абадан коргонуу жана жээктеги күзөт тутумдары, радиоэлектрондук система жана каражаттар, контрартиллериялык жана контрбатареялык радарлар бар.

НАТО күчтөрү Украинада ротациялык негизде калат, ал эми украиналык армияны "Россияны ооздуктоо" максатында тескөө түндүк атлантикалык альянстын келерки жылга карата стратегиясынын эң башкы артыкчылыгы болмокчу. Бул жаатта Франция жана Германия кандай пикирде экени эске да алынбайт.

Узак мөөнөттүү планда Россияны Батыш аныктаган "агрессиясы" үчүн санкциялар менен муунтууну улантышат. Анткен менен 2014-жылдагы санкциялар топтому да, 2019-жылдагы "тозоктон келген санкциялар" да Россиянын саясатын өзгөртө алган эмес. Буга ынанууга убакыт жетиштүү эле болду.

Жаңы экономикалык кысымдын жаңы чараларында "Газпром" жана анын "бутактары" үчүн каржылоого тыюу салуу камтылат. Ошол эле убакта Европага газ жеткирүүнү толук бөгөттөөгө жол берилбейт. Каржылык акциялардын кеңири түрү "Роснефтинин" филиалдарына каршы багытталган жана "Сургутнефтегаз" менен "Новатэкти" да курмандыкка чалуу сунушталат.

Россиянын тоо-кен өндүрүшү жана металлургиясына азырынча санкция толук масштабда коюла элек. Atlantic Council "Евраз" жана "Алрос", ошондой эле россиялык камсыздандыруучу ири "Согаз" жана "Совкомфлот" ишканасына көңүл бурууга үндөйт. Анан да, албетте, "Түндүк агым — 2" долбоорун да унуткарышкан эмес. Америкалыктардын пикиринде, бул "жаман демилге" болгон, ал эми "Россияны ооздуктоо" чарасы Германиядан аталган долбоордун ишине мораторий коюуну талап кылат.

Ошондой эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүү сунушу кайрадан калкып чыкты. "Бул тема дале четке кагыла элек, акыркы чара болот," — деди Киевдеги америкалык мурдагы элчи Жон Хербст. "Ооба, европалык компаниялар санкциялар процессинде кыйынчылыктарга тушугат, — деп моюнга алышат америкалык аналитиктер. — Бирок путиндик агрессияга каршы турууга чечкиндүүлүк — бул Кремлди ооздуктоонун мыкты ыкмасы". Белгилүү болгондой, "биргелешкен аракеттер" деген түшүнүк Atlantic Council борборунун эң көп оозанганы.

Америкалыктардын союздаштары Франция жана Германия НАТОго Украинанын мүчөлүгүнө каршы. Европалыктар жосунсуз санкциялардын айынан россиялык газды алууда үзгүлтүктөрдөн жапа чегүүнү каалашпайт. Бул чектөөлөр Россияга караганда аталган биримдик мейкиндигиндеги экономиканы талкалоодо. Эч ким — европалыктар да, америкалыктар да, украиналыктар да Вашингтондун буйругу менен согушууну каалабайт.

Россия эртеңки баарлашууга буларга карама-каршы шарттар менен камынууда. РФ кызыл чийинди так чийгени маалым. Украина НАТОго мүчөлүккө алынбашы керек. Аймагында үчүнчү өлкөлөрдүн жалпы аскердик күчтөрү жайгаштырылбашы шарт. НАТО чыгышка карай таптакыр жайылбашы керек. Буга жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди күтөт. Анткени оозеки макулдашуулардын баарын өнөктөштөр унуткарышканы белгилүү.

Россиялык жана америкалык президенттердин позицияларын кандайдыр жакындатылары арсар. Алардын Женевадагы кезигүүсүнөн эч майнап чыккан эмес, болгону ажырымды тереңдеткен.

Октябрда Байден эгер кокус КЭР кол сала турган болсо, Кошмо Штаттар Тайванды коргой турганын айткан. 1979-жылдан бери Вашингтон Тайванды коргоо каражаттары менен жабдууга милдеттенме алган, бирок президенттер Тайвань үчүн Кытай менен согушууну эч качан убадалаган эмес. Тайвань — Украианадан кийинки дүйнөнүн эң кооптуу жерлеринин бири. Америкалык режим аралды курал менен камсыздап, кытай агрессиясы боюнча тарыхый үгүттөөсүн жүргүзүүдө. Украина жагдайындагыдай эле Кытайга эч кандай агрессиянын зарылдыгы жок. Пекиндегилер мекендештери менен акыры тынч биригерине ишенишет. Бирок америкалыктар Украинаны Россияга кандай тукурса, Тайванды Кытайга да дал ушундай каршы багыттоодо. Эки өлкө тең "экинчи Афганистанга" айланып калуудан коркушат.

Америкалыктар Россия менен Кытай Украина менен Тайванга январь-февралда кол салуу ыктымалдыгын олуттуу түрдө талкуулоодо. Үрөйлөрү учкан тайвандыктар Байдендин сөздөрүн кунт коюу менен тыңдашат. Ал эми эртеси күнү эле Ак үй "силер туура эмес түшүнүп алдыңар, ал жөн гана тамашалады" деп жайгарып коет.

Мындай туруксуз контрагент менен сүйлөшүү кыйынчылыктарга кептейт. Бирок Владимир Путиндин көз карашынын күчү – анын орустардын да, украиналыктардын да, америкалыктардын да жана дегеле Жер жүзүнүн калкынын пикирин билдиргенинде. Бизге согуштун кереги жок! Тынч, өз ара пайдалуу кызматташтык жана өнүгүү зарыл. Бул тилектер түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн жазуу түрүндө кепилденгени оң.

7
Белгилер:
Россия, Украина, АКШ, Кытай, талап, чек ара, курал, коркутуу
Тема боюнча
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?