Вагондор. Архив

"Кыргыз темир жолу" россиялык компаниядан 100 вагон сатып алат

255
(жаңыланган 18:30 11.11.2021)
Вагондордун 50сү 2021-жылдын аягына чейин алып келинсе, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражатына Россиянын "Алтай Вагон" ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып алмай болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Бишкекте россиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтүп жатат. Анын алкагында "Кыргыз темир жолу" РКӨФ жана "Нацпромлизинг" компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

"Ошондой эле Кыргызстандын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жүктөрүн темир жол аркылуу ташуу үчүн "Кыргыз темир жолу" өз каражатынан Россиянын "Алтай Вагон" ААКынан 100 даана чакан (жарым) вагондорун сатып алмай болду. Анын 50сү 2021-жылдын аягына чейин алып келинсе, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстан темир жолдорун оңдоо үчүн Россиядан 20 чакырым рельс сатып алган.

Жарты вагон — атайын жүк ташуу үчүн ылайыкташылган, үстү ачык вагон.

255
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, вагон, сатып алуу, Кыргыз темир жолу
Тема:
Россиялык компаниялардын Кыргызстандагы миссиясы (13)
Тема боюнча
Россиялык ишкер: КРдин күн энергетикалык станциялар боюнча мүмкүнчүлүгү чоң
Адис: кыргызстандыктар Россиядан алган малын Өзбекстанга сатып жатат
Көмүр кампасы. Архив

Көмүр 6 000 сомдон сатылууда. Кимге кайрылып, кандай чара көрүү керек?

55
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баа боюнча, Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 4 500 сомдон кымбат сатылбашы керек.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигине калаада айрым жерлерде Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 6 000 сомдон сатылып жатканын айтышты.

Эске салсак, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыккан. Документтин негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кара алтындын баасын бекитип, Бишкекте кара алтындын баасы 4 500 сомдон кымбат ашпаш керек болчу.

Шаардыктар Бишкектин айрым жерлеринде ортомчулар жана ишкерлер баа бекитилгенине карабай Кара-Кече көмүрүн кымбат сатып жатканын айтып, арызданышты.

"Мурманская көчөсүндө жайгашкан базалардын сыртында Кара-Кече көмүрү 5 500 сомдон, Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө 6 000 сомдон сатып жатышат. Андан башка жерлерде дагы кымбат экен. Бир тоннаны үйүңө жеткиргенде эле 10 000 сом чыгып кетет", — деди окурман.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы өкүлү Сагын Маматоморов токтом үч ай бою күчүндө болорун, кара алтындын баасы 4 500 сомдон ашпашы керектигин эскертти.

"Биздин кызматкерлер көмүр саткан базаларды күнүгө текшерип жатат. Айрым алып сатарлар ортодон бааны көтөрүп жиберүүдө. 5 000-6 000 сомдон сатылбаш керек. Аларды аныктасак дароо айып салабыз. Шаар тургундарына да кымбат саткан жерлер болсо бизге чалып так дарегин айткыла деп жатабыз", — деди ал.

Көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болот?

Агенттиктин борбордук аппараты — 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;

  • Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрү — 66-14-15, 66-48-06;
  • Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмү — 0 (3922) 3-18-86;
  • Нарын облусу боюнча бөлүмү — 0 3522 5-09-53;
  • Талас облусу боюнча бөлүмү — 0 (3422) 5-58-51;
  • Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү — 0 (3722) 7-02-23;
  • Ош облусу боюнча бөлүмү — 0 (3222) 7-00-25;
  • Баткен облусу боюнча бөлүмү — 0 (3622) 5-51-49.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен бериле баштаган. Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көп. Сатуучулар арзан көмүр алууну каалагандар 10 күн эрте кезекке туруп, тизмеге жазылышы керектигин эскертишкен.

55
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, көмүр, баалар, арыз
Тема боюнча
Бир ай ичинде көмүр 8 пайызга кымбаттаган. Статистика
Энергетика министрине сөгүш берилип, "Кыргыз көмүрдүн" жетекчилери иштен алынды
Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ). Архив

ЕАЭБ Индия, Египет, Израиль менен сооданы либералдаштырууну сүйлөшүп жатат

21
(жаңыланган 16:43 02.12.2021)
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин ЕАЭБ дүйнөлүк аренада өзүнүн беделин арттырып жаткан күчтүү эл аралык бирикме деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) Индия, Египет, Израиль менен сооданы либералдаштыруу жаатында сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Евразиялык экинчи конгрессте Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин билдирди.

Мишустин "Маанилүү инвестициялык долбоорлор — ЕАЭБдеги экономикалык өсүштүн системалык драйверлери" аталыштагы сессияда сүйлөп жатып ЕАЭБ дүйнөлүк аренада өзүнүн беделин арттырып жаткан күчтүү эл аралык бирикме деген пикирин билдирди.

"Аймактык интеграциялык түзүмдөр жана башка өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн тыгыз мамилелерге чыйыр салып жатабыз. Албетте, биздин өнөктөштөргө айта турган сунуштарыбыз бар. ЕАЭБдин топтолгон мүмкүнчүлүктөрү ар кыл тармактагы маселелерди кеңири талкуулоого шарт түзүп берет. Биз Вьетнам, Иран, Сингапур, Сербия менен эркин соода кылуу жөнүндө, ал эми Кытай менен иштешүү жаатында эки келишимибиз бар. Сооданы либералдаштыруу үчүн Египет, Израиль менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Ал эми Индия менен мындай процессти жаңы баштаганы турабыз", — деген Мишустин.

Анын айтымына караганда, байкоочу мамлекет макамын Өзбекстан менен Куба кеңири колдонуп жатат. Алар соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Мунун баары аталган интеграциялык уюмдун өнүгүүсүнө кошумча түрткү берери айтылды.

Евразиялык экинчи конгресстин жүрүшүн түз алып берип жаткан эфирди бул шилтеме менен кирип көрсөңүздөр болот.

Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. Эл аралык Sputnik агенттиги менен радиосу конгресстин башкы маалыматтык өнөктөшү болууда.

21
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Индия, Египет, Израиль, Михаил Мишустин
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБдин бирдиктүү товар өткөрүү тармагы Кыргызстанга эмнеси менен пайдалуу

Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

0
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
  • Россиялык бийкечтин бийи
  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
Чыгыш бийи — улутка, динге, адамдын жынысына карабай көптөрдү кызыктырган, өзүнө тарткан искусствонун бир түрү. Sputnik бул сапар ар кайсы өлкөлөрдөгү бий чеберлерин сүрөт баянда сунуш кылат.

Көргөн көздү кызыктырган бул бийдин мекени Жакынкы Чыгыш деп эсептелет. Ал бир нече кылымда бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараган. Азыркы күндө анын элүүгө чукул түрү бар деп айтылып келет.

Ал аткарылып жатканда көз салбай, кайдыгер карап, кыя өткөндөрдү кезиктирүү кыйын. Чыгыш бий дүйнөнүн башка жагынан пайда болгону менен бул кылымда тутунган динине, улутуна карабай көп мамлекеттерде эл кызыгып көргөн, кызыгып бийлеген искусствонун түрүнө айланды.

0
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
    © AP Photo / Anonymous

    Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.

  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
    © AP Photo

    1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру

  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат

  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы

  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи

  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
    © AFP 2021 / Khaled Desouki

    Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы

  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш

  • Россиялык бийкечтин бийи
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Россиялык бийкечтин бийи

  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
    © AP Photo / Aly Mahmoud

    Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү "сексуалдуулукка азгыруу" деп эсептелет.

  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
    © Sputnik / Максим Богодвид

    Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш

Белгилер:
чыгыш, бий, сулуу, сүрөт, фото, Каир, искусство
Тема боюнча
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу