Президент Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Президент Баткенге инвестиция салган ишкерлер мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгынан бошотула турганын белгилеген.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда аларды Кыргызстандын Баткен облусуна инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышууда.
Жапаров түркиялык ишкерлерге Баткенге өзгөчө статус берилгендигин айтып, ал жакта бизнести өнүктүрүүгө, элди жумуш менен камсыз кылууга, ошону менен бирге аймакты өнүктүрүүгө мүмкүн экенин билдирген.
"Президент аталган облуста салык жана инвестициялык режим жеңилдетилгенин белгиледи. Маселен, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүш үчүн пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы нөл пайызга түшүрүлүп, киреше салыгы 10 пайыздан 5 пайызга кемий турганын айткан", — деп айтылат маалыматта.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Новиков: жакынкы жылдары Россиядан 400 миллион доллар тартылат
Садыр Жапаров түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргызстанда кошумча наркы бар биргелешкен ишканаларга жигердүү инвестиция жасай алышарын айтып, инвесторлордун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Ошол эле учурда Түркиянын ишкерлери Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришкен.
Белгилей кетсек, Жапаров менен Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү жолугушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0