Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункту. Архив

Чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктулары Салык кызматынын башкаруусуна өтөт

201
(жаңыланган 11:58 12.11.2021)
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары импорттоочулар салык төлөөдөн качып, товарларды өлкөгө төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен ташып кирип жатканына токтолгон.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктулары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Кожошев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктуларындагы салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролду өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеге катышкан.

Ал министрлер кабинетине консолидацияланган бюджетти ушул жылдын аягына чейин 280 миллиард сомго, 2022-жылдын соңуна дейре 400 миллиард сомго чейин жогорулатуу милдети коюлганын белгилеген.

"Өткөрмө пунктуларда "Жыйынды пост" системасы 10 айдан бери иштеп, ички чектердеги товарлардын жана транспорт каражаттарынын эсебин алуу процессин тездетти. Бул система бир катар көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарды", — деди Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары импорттоочулар салык төлөөдөн качып, товарларды өлкөгө төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен ташып кирип жатканына токтолгон.

"Айрым ишкерлер өлкөгө алып келинип жаткан жыгачтын 1 метр кубун 1 500 сом деп жаздырууда. Чынында анын рыноктук наркы 22 миң сомдон башталат. Күн карама майынын 1 литрин 4 сомдон тариздешсе, анын чекене баасы 155 сомдон башталат. Мындай аракеттер бюджетке залакасын тийгизип, башка ак ниет ишкерлер жабыркап калып жатат", — деген ал.

Кожошев мындай иш-аракеттерди алдын алып, болтурбоо максатында жана бирдиктүү тармакты түзүү үчүн өткөрмө пунктулары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлө турганын белгилеген. Мындан сырткары, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар ташып келген автоунааларга контролдук пломбаларды коюу боюнча пилоттук долбоорду салык кызматы эртерээк ишке ашырышы керектигине токтолгон.

201
Белгилер:
Арзыбек Кожошев, чек ара, көзөмөл өткөрүү пункту
Тема боюнча
Чек ара өткөрүү жайлары ачылабы? Кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукту
Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасы эмнеге кымбаттап жатканын түшүндүрдү
Акча каражаттары. Архив

Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме

658
(жаңыланган 16:55 06.12.2021)
Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесинин негизинде министрлер кабинетине 13 пунктудан турган сунуш берген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотууну караган жарлыкка кол коюп, бирок бир нече талап койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы жарлык "Чакан ишкердик субъектилерди колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" деп аталарын белгилеп, ишкерлерден эмнелер талап кылынарын тизмектеди.

Аналитикалык платформаны толук ишке киргизүү максатында төмөнкү талаптар болот:

  • көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу;
  • электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонуу;
  • киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
  • жер салыгын, мүлк салыгын төлөө (бар болсо);
  • импорттук-экспорттук операциянын жок болушу.

Ишкердик субъектилерди колдоо, кабыл алынуучу чечимдердин салыктык жана бажылык укук мамилелери бөлүгүндө оперативдүүлүгүн жогорулатуу, ак ниет салык төлөөчүлөр жана ишкер чөйрөсү үчүн жагымдуу салыктык жана бажылык климатты түзүү максатында министрлер кабинетине бир нече сунуш берген.

Ал Конституциянын 71-беренесинин негизинде жасалган.

Министрлер кабинетине берилген сунуштар:

Жогорку Кеңештин кароосуна ишканаларды салыктардан бошото турган мыйзамдардын долбоорун киргизүү айтылган. Алар — киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар ККМди жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык алуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8,0 миллион сомго чейин ишканалар. Кеп товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъектилер туурасында болуп жатат;

Салык төлөөчүнүн бирдиктүү карточкасын жана кошумча нарк, акциз салыктарын төлөөнү көзөмөлдөөнүн аналитикалык системасын түзүү, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделин ишке киргизүүнү камсыз кылуу милдети коюлган. Андан сырткары, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү аркылуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын минималдаштыруу боюнча да тапшырма берилген;

маркаланган алкоголь жана тамеки продукциясына байкоо механизмин киргизүү;

маркаланууга жана байкалууга тийиш болгон товарлардын, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын тизмесин толуктоо;

2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, Бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана 2021-жылдын аягына чейин бекитүү;

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктуларында мамлекеттик көзөмөлдүн түрлөрүн жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин колдонуу;

ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пунктуларында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүнү жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принциби боюнча бирдиктүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган деп бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;

ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пунктуларында жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пунктуларына жакын жерлерде мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бизнес-процесстерин маалыматтык өз ара иштешүүнү камсыз кылуу аркылуу оптималдаштыруу;

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкү ыйгарым укуктарды берүү:

а) Кыргызстандын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, отчеттордун, эсептердин, декларациялардын, документтердин, кабарлоолордун, маалыматтардын, маалыматтык эсептердин, патенттердин, контрактылардын (келишимдердин), билдирмелердин, чечимдердин, корутундулардын, актылардын формаларын, аларды кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө толтуруу, түзүү жана/же берүү тартибин бекитүү боюнча ыйгарым укукка ээ болушу керек;

б) юридикалык жактар мамлекеттик каттоо боюнча укукка ээ болушу керек.

мамлекеттик көзөмөлдөөнү (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу органды аныктоо:

а) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пунктуларына жакын жерлерде жайгашкан товарларды эсепке алуу жайларында — Мамлекеттик салык кызматы координациялайт;

б) ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан автомобилдик өткөрүү пунктуларында — Мамлекеттик бажы кызматы координациялайт.

маалыматтар базасын Мамлекеттик салык кызматына берүү менен бажы кызматынын жана юридикалык жактарды, жарандарды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, ишкердик объектилерди каттоо боюнча мамлекеттик органдардын системаларын Салык кызматынын системасы менен комплекстүү интеграциялоону жүргүзүү;

Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык потенциалын оптималдаштыруу жана техникалык жактан жабдууну күчөтүү;

Улуттук банк менен биргеликте санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны Кыргызстандагы коммерциялык банктардын реалдуу убакыт режиминде Мамлекеттик салык кызматына маалыматтарды берүүнү камсыз кылган көзөмөл-кассалык машиналардын функциясы бар РОS-терминалдарды милдеттүү колдонууга өтүүсүн эске алуу менен накталай эмес төлөмдүн үлүшүн көбөйтүүнүн иштиктүү механизмдерин кабыл алуу.

658
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, салык, бошотуу, ишкана, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, машина, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
Электр линиялары. Архив

Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Чоо-жайы

129
(жаңыланган 16:03 06.12.2021)
Электр энергиясы боюнча маселе ноябрдын соңунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында козголгон.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат.

Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
129
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, Садыр Жапаров, жарлык, колдоо, жөлөк пул
Тема боюнча
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт
Прокуратура: электр энергиясына карызы бар адамдарды жаап-жашырган схема аныкталды
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
Милиция кызматкерин фуражкасы. Архив

Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

0
(жаңыланган 19:40 06.12.2021)
УКМКга кайрылган жаран милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелүүдө.

  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген

Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген. Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

"Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну өтүнөт:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
0
Белгилер:
УКМК, милиция, алдамчылык, шектүү, издөө
Тема боюнча
ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды
УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады