Жеңилдетилген насыя жана тамшандырган эт. Россиялык ишканалардын сапарына сереп

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери
Кыргызстандын жана Россиянын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Кыргызстанга 60тан ашуун россиялык компаниянын өкүлдөрү келди. Иш миссиясынын сапары аяктай элек, бирок азыртан эле маанилүү жана кызыктуу жаңылыктарга жык болууда.
Россиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясы Бишкекке келип, алар менен биргеликте өтүп жаткан бизнес-форумга кыргыз тараптан 200дөн ашуун ишкер катышууда.

Кызыктуу формат

Бул өзүм күбө болуп чагылдырган алгачкы бизнес-форум эмес, бирок бул ирет программанын басымдуу бөлүгүн конференциялар эмес, ишкерлердин жолугушуулары түзүүдө. Анткен менен конференциялар да маалыматка бай болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясы Бишкекке келип, алар менен биргеликте өтүп жаткан бизнес-форумга кыргыз тараптан 200дөн ашуун ишкер катышууда
Деловая миссия российских компаний в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясы Бишкекке келип, алар менен биргеликте өтүп жаткан бизнес-форумга кыргыз тараптан 200дөн ашуун ишкер катышууда

Кыргызстандын бийлигинин күткөнү эмне?

Иш-чаранын алып баруучусу адегенде сөздү КР министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошевге берди. Ал ЕАЭБ алкагында жаңы артыкчылыктар пайда болгонун белгиледи. Мындан ары да гидроэнергетика, санарип трансформация, айыл чарба жана башка тармактарда соода-экономикалык жана илимий кызматташтыкты өрчүтүү зарыл деп эсептейт. Булардын баары байланышты бекемдөөгө, атаандаштыктын артыкчылыктарын пайдаланууга, жамааттык азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга, ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна кыргызстандык өндүрүмдөрдүн экспортун кеңейтүүгө өбөлгө болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКР министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев
Деловая миссия российских компаний в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
КР министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев
"Өлкөнүн негизги багыттарынын бири — калыбына келүүчү энергия булактарына өтүү жана гидропотенциалды масштабдуу пайдалануу. Бул маселелерде биз дүйнөдө алдыңкы саптагы россиялык заманбап технологияларга таянабыз", — дейт Кожошев.
Ошондой эле ал бул иш-чара эки тараптуу алакалардын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп, катышуучуларга өз ара пайдалуу шарттарда келишимдерге кол коюуну каалады.

ЕАЭБге мүчө болуунун артыкчылыгы жана миллиарддаган рубль

Форумда алгачкылардан болуп сөз алган Россиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко ЕАЭБдин жардамы менен 2020-жылы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелер сакталып турганын, ал эми быйыл кыйла илгерилеп жатканын билдирди. Удовиченко Кыргызстандын салык тутумун заманга бапташтыруу, товарды маркировкалоо жана байкоо салуу программасын ишке киргизүүгө Россия көмөктөшүп жатканын маалымдады. Бул максатка миллиарддаган рубль бөлүнгөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко
Деловая миссия российских компаний в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко

Кыргызстанга жүз миңдеген доллар түшүшү мүмкүн

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу тобунун төрагасы Артем Новиков жакынкы жылдары РФтен 400 миллион доллардан ашуун каражат тартыларын кабарлады:
  • "Росэксимбанк" келерки жылы Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте каржылоо үчүн 200 миллион доллар бөлүүгө даяр;
  • Россиялык "Нацпромлизинг" менен "Нацпромлизинг — Кыргызстан" лизингдик компаниясын түптөө жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул жакынкы жылдарда республиканын экономикасына 200 миллион доллардын тегерегиндеги каражат тартууга мүмкүндүк берет.
Кийинчерээк Новиков журналисттерге каражаттардын которуу шарттары тууралуу айтып берди.

Ышты азайтуу аракети

Негизи Новиков фонд ушул тапта иштеп чыгып жаткан дагы эки долбоор жөнүндө кабарлады. Экологиялык жактан экөө тең абдан маанилүү, ошол эле убакта жарандардын капчыгын да эңшербегендей болуусу шарт. Алардын биринчиси — геотермалдык жылуулукту өнүктүрүү жана борбордун конуштарын баскыч-баскычы менен ага өткөрүү.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу тобунун төрагасы Артем Новиков
Деловая миссия российских компаний в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу тобунун төрагасы Артем Новиков
"Шаар тургундарын үйдө көмүр жагуу аргасыздыгынан арылтып, борбордогу ыш көйгөйүн азайтат. Келечегинде жылытуунун мындай түрүнүн акысы көмүр сатып алуу чыгымдарынан ашпоого тийиш", — дейт  Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы.
Экинчи долбоор — республикадагы газ-мотордук отун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Ушул тапта автотранспортко газ жабдыгын узак мөөнөткө жана аз пайыз менен бөлүп төлөөгө алуу үчүн мамлекеттик банктар менен консультациялар жүргүзүүдөбүз. Өз кезегинде фонд газ сактагыч жана газ толтуруучу жайларды кура турган газ-мотордук отун менен жабдуучу компанияларды колдоого алат.
Бул долбоорлор бир күндүк да, ал түгүл бир жылдык да эмес, бирок өлкөнүн экологиялык туруктуулугу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи Новиков.

Кыргыз бизнесине жеңилдетилген насыялар берилиши ыктымал

"Россия экспорттук борбору" АКсынын агроөнөр жай комплексин колдоо долбоорунун жетекчиси Денис Казанников россиялык ишканаларга КРге экспорттоо максатында сырье, өндүрүм жана материалдарды сатып алуу үчүн жеңилдетилген пайыздык ченде каражат алууну сунуштайт. Мындан тышкары, жеңилдетилген насыяларды россиялык товарларды сатып ала турган кыргызстандыктар да алышат. Азыр механизмди түзүү боюнча иштер аткарылууда.
Кыргызстандын банктар союзунун президенти, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Анвар Абдраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Радио
Абдраев: кыргыз-орус мамилеси бизнес тармагында тездик менен өнүгүүдө
Тамшандырган этти мактап...
Россиядагы Уй этин өндүрүүчүлөр улуттук союзунун жетекчиси Роман Костюк кыргыз этине катуу суктанды. КР ишкерлери менен мурда жолукканда да өлкөнүн атаандаштык артыкчылыгын атаган эле.
"Россия малды жем менен өстүрүүгө өтүүдө. Анын артынан Казакстан да америкалыктардын таасири менен малга жем берүүгө өтүп, стейк жасоого майлуу эт алууга басым жасоодо. Кыргызстан — эң пайдалуу азык, эң жегиликтүү эт, мээлүүн жел, эң мээримдүү тийген күндүн өлкөсү. Кыргызстанда эмне өндүрүүгө болот?
Тоолордогу жайлоолордо чөптүн түрүн жеп өскөн малдын эң даамдуу эти стейк тургай, пайдалуулугу жагынан форель менен атаандаша алат", — дейт Костюк.
Стейк жаатында күрөш жүрүп жаткан убакта Кыргызстан тоо чөптөрү менен өстүрүлгөн малдын курамында омега-3 май кычкылы омега-6га караганда үч эсе көп этин рынокко чыгарат. Адамдын организми эң оболу дал ушул заттын синтезделбеген түрүнө муктаж экенин белгилей кетели.

Корутунду

Адатта бизнес-форумдардын ийгилигинин өлчөмү – келишимдерге кол коюлушу. Иш-чаранын биринчи эле күнүндө бир нече маанилүү документке кол коюлду. Кечээ сүйлөшүүлөр дагы уланып, бүгүн өнөктөш компанияларга барып таанышуулар жүрдү. Ошондуктан макулдашуулардын тизмеси дагы кеңейери бышык.
Жаңылыктар түрмөгү
0