Кыргызстандан тышка чыгарылган каражат тогуз айда рекорддук көрсөткүчкө жетти

© AFP / MAHMUD TURKIAДедолларизация в Кыргызстане
Дедолларизация в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
Улуттук банк билдиргендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандар Кыргызстандан дээрлик 37 миллион долларга көп акча которгон.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандан 390 миллион 480 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
2021-жылдын январынан сентябрына чейин акча каражатынын сыртка чыгышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 миллионго көп.
Буга чейинки жылдардын тогуз айындагы маалыматтарын салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд деп эсептелет.
  • 2020 — 353,5 миллион доллар;
  • 2019 — 383,1 миллион;
  • 2018 — 388,4 миллион.
Жаңылыктар түрмөгү
0