Садыр Жапаров: ТЭЦ–2 объектисин 2023-жылдын орто ченинде ишке киргизебиз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Садыра Жапарова с жителями жилмассива ТЭЦ-2 в Бишкеке
Встреча президента Садыра Жапарова с жителями жилмассива ТЭЦ-2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салган.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Электр энергиясынын көйгөйүн чечүү үчүн ТЭЦ–2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда. Бул туурасында президент Садыр Жапаров билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы бүгүн аталган стратегиялык объектиде болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.
"Президент электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ТЭЦ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай ушул тапта коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салган.
Токтогул ГЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Өкмөт беш жылда өлкөнүн энергетикалык коопсуздукка жетерин убадалады
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, ТЭЦ-2 жакта жайгашкан үйлөргө кызыл китеп берилерин айтып, министрлер кабинетине бул боюнча тийиштүү тапшырма берди.
Үстүбүздөгү жылдын март айында эле бул аймактагы конуштар боюнча чуу чыккан. Ошол кездеги өкмөт башчы Улукбек Марипов ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо анын аймагындагы 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген. Буга нааразы болгон тараптар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан
ТЭЦ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча стратегиялык объектиде жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Аны 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтогон. ТЭЦ-2нин санитардык аймагына, тагыраагы, 47 гектар жер аянтына акырындык менен турак үйлөр курулуп кеткен.
Ушул жылы августта Садыр Жапаров Жылуулук электр борбору — 2нин абалы менен таанышкан. Ага борбордун курулушун кайра жандандырып, анын кубаттуулугун 460 мегаваттка жеткирүү менен 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталган.
Бул ТЭЦ жаңы абоненттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздай алары айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0