MegaCom уюлдук компаниясынын имараты. Архив

300 млн. долларлык доо. Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утту

396
(жаңыланган 18:32 15.11.2021)
"Пенвелл" компаниясы 2017-жылы кыргыз өкмөтү MegaCom ишканасындагы инвестициясын тартып алганын айтып, арбитраждык сотко даттанган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан MegaCom уюлдук компаниясы боюнча эл аралык арбитраждык соттон толугу менен утуп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Британиянын Виргин аралдарында катталган Penwell Business Ltd ("Пенвелл Лимитед") офшордук компаниясы 2017-жылы кыргыз өкмөтү MegaCom ишканасындагы инвестициясын тартып алганын айтып, эл аралык арбитраждык сотко даттанган.

Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында арбитраждык курам доогердин Кыргызстандан 298 миллион доллар өндүрүү талабын четке каккан.

Министрлер кабинети 5-ноябрда бул арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку сотуна өтүнүч берүүнүн мөөнөтү аяктаганын белгилейт.

"Кыргыз тарап дээрлик 300 миллион доллар болгон талашты биротоло утту деп расмий түрдө айтууга болот. Доогер өзүнүн инвестицияларын Кыргызстанда коррупциялык жол менен алгандыгына байланыштуу арбитрлердин курамы анын талаптарын алгылыксыз деп эсептеди. "Пенвеллдин" 2005-жылдын октябрь айында "БиМоКом" (MegaCom) компаниясын сатып алышы, андан кийин 49 пайыз акциясын ошол кезде Алексей Елисеев көзөмөлдөгөн "Форнтек" ишканасына сатышы "Пенвелл" компаниясынын КРдеги инвестициясы коррупциялык жол менен алынганын далилдейт", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин министрлер кабинети 30 жылдык эгемен тарыхта Кыргызстан инвесторлордун даттануусу боюнча коррупциялык иштерге аралашканын негиз кылып эл аралык соттон утуп алышы биринчи ирет катталганын билдирген.

396
Белгилер:
MegaCom, Эл аралык арбитраждык сот, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
Парламент MegaCom компаниясын менчикке сатууга макулдук берди
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

134
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

134
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Биткоиндин бельгиси тартылган монета. Архивдик сүрөт

Биткоиндин курсу 42 миң долларга чейин түшүп кетти

137
Ишембиге караган түндөгү арзандоонун эпкини Ethereum, Litecoin жана Monero сыяктуу популярдуу криптовалюталарга да тийген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Биткоиндин баасы 4-декабрда 42 миң долларга чейин түшүп, сентябрдын аягынан бери эң төмөнкү чекке жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Ишембиге караган түнү белгилүү криптовалюталардын курсу болжол менен 20 пайызга төмөндөп, ал эми бул рыноктун жалпы капитализациясы 16 пайызга азайып, 2 триллион долларга чейин түшкөн.

4-декабрдын таңында курстун төмөндөшү бир аз басаңдаган. Алып-сатуунун көлөмү боюнча алдыда турган Binance биржасында Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата биткоин 16,7 пайызга, тагыраагы, 47,25 миң долларга чейин арзандады. Ал эми 20дан ашык биржанын орточо баасын эсептеген CoinMarketCap порталынын маалыматы боюнча, биткоин 16,36 пайызга — 47,6 миң долларга чейин арзандаган.

Буга чейин сатуунун жүрүшүндө биткоин 30-сентябрдан бери биринчи жолу 42 миң долларга чейин төмөндөгөн.

Арзандоонун эпкини Ethereum, Litecoin жана Monero сыяктуу популярдуу криптовалюталарга тийген. Ethereum 14,91 пайызга (3,89 миң доллар), Litecoin 24,96 пайызга (153,2 доллар) жана Monero 18,76 пайызга (195,9 доллар) түшкөн.

Криптовалютанын наркы 16 пайызга төмөндөп, 2,2 триллион доллар болуп калган. Ноябрдын башында бул көрсөткүч тарыхта биринчи жолу 3 триллион долларга жеткен.

137
Белгилер:
биткоин, курс, криптовалюта
Тема боюнча
Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты
Биткоин, акция менен акча табуу. Финкөзөмөл шылуундардын тобу чыкканын эскертти
Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме

67
(жаңыланган 22:50 04.12.2021)
Жер-жерлердеги кызмат орундарына Судьяларды тандоо боюнча кеңеш 16 талапкерди сунуштаган. Мамлекет жетекчиси 15ине макул болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жана облустарда 15 сотту дайындаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Билдирүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин атына Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына тогуз талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына жети талапкер, жалпы 16 талапкерге сунуш келип түшкөнү айтылат.

Өлкө башчы 15 талапкер боюнча сунушка макул болгон.

Баткен облусу

Баткен облустук соту:

  • Абышова Кундуз Сабырбековна.

Кадамжай райондук соту:

  • Ажиматов Улан Абдыкаарович;
  • Тажибаев Илязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

  • Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович.

Сүлүктү шаардык соту:

  • Эрматова Гүлзат Муктаровна.

Кызыл-Кыя шаардык соту:

  • Адимов Акылбек Акматович.

Ош облусу

Кара-Суу райондук соту:

  • Гуламидин уулу Элчибек.

Ош шаардык соту:

  • Турдалиев Ниязбек Назарович.

Жалал-Абад облусу

Ноокен райондук соту

  • Чоноев Чынгыз Мелисович.

Жалал-Абад шаардык соту:

  • Ганиев Жоомарт Махамадисакович.

Чүй облусу

Чүй облустук соту:

  • Кыдыралиева Нурзат Амантуровна.

Талас облусу

Талас шаардык соту:

  • Сүйналиев Дамир Сүйүнтаевич.

Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту:

  • Бекбаева Нурия Хусаиновна;
  • Накешова Минура Асылбековна;
  • Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери айтылды.

67
Белгилер:
Садыр Жапаров, судья, дайындоо, жарлык
Тема боюнча
Садыр Жапаров аймактарга 14 судья дайындады. Тизме
Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Тизме