ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода алакасынын көлөмү коронавируска чейинки мезгилден ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ желектери. Архив
ЕАЭБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Евразия экономикалык комиссиясы январь-сентябрь айларындагы соода боюнча маалыматтарды келтирип, аны былтыркы жана мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырды.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода алакасынын көлөмү үчүнчү өлкөлөр менен дагы, биримдиктин алкагында дагы 30 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын порталында айтылат.

Үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык алака

Январь-сентябрь айларында ЕАЭБдин тышкы соодасынын көлөмү 596,1 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7 пайызга (147 миллиард доллар) өскөн. Импорт дагы, экспорт дагы жогорулаган.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
Тышкы соода жүгүртүү коронавируска чейинки мезгилге салыштырмалуу (2019-жылдын январь-сентябрь) 10,9 пайызга же 58,5 миллиард сомго көбөйдү.
Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 12,4 пайызга өсүп, 2,7 миллиард сомду түздү. Ошол эле учурда импорт 1,6 эсеге жогорулап, экспорт былтыркы жылдын тогуз айынын көрсөткүчтөрүнүн 56,8 пайызын түздү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода

Январь-сентябрь айларындагы көлөм 51,9 миллиардды түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 32,5 пайызга арбыды. Коронавируска чейинки мезгилге салыштырмалуу деңгээл 16,5 пайызга (7,4 миллиард доллар) көтөрүлдү.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-экономикалык алакасы 29 пайызга жетип, 2,3 миллиард доллардан ашты. Импорт да (28,1 пайыз), экспорт да (32,2 пайыз) өстү.
Жаңылыктар түрмөгү
0