Электр линиялары. Архив

Түркмөнстан КРге эмне себептен электр энергия бербей калды. Расмий жооп

7902
(жаңыланган 16:14 16.11.2021)
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Түркмөнстан Кыргызстанга электр кубатын экспорттоону токтотуп койгонун жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жергиликтүү ЖМКлар энергетика министри Доскул Бекмурзаевге шилтеме берип, Кыргызстанга Түркмөнстан электр энергиясын бербей калганын жазышты.

Sputnik Кыргызстан агенттигине министрдин орун басары Таалайбек Ибраев абалды түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, буга чейин Өзбекстанда болгон чаң сапырылган катуу шамалдан улам электр чордондорунун иши татаалдаган. Ошондой эле Түркмөнстандын энергетика тармагында авариялык абал жаралган.

"Мындан улам Өзбекстанда электр зымдары эрип түшүп калбасын деп кооптонуп, электр энергияны өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Түркмөн тарап дагы өзүнүн электр чордондорунда оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Биз алар менен байланышканыбызда баары ойдогудай болсо, 17-ноябрдан баштап электр кубаты кайрадан бериле баштарын билдиришти", — деди Ибраев.

Анын айтымында, электр энергиянын импорттолбой калышына ушул гана факторлор себеп болгон.

"Башка себептер менен Түркмөнстан электр энергиясын импорттоону токтото албайт. Анткени ортодо быйыл 500 миллион, эмдиги жылы 1,5 миллиард киловатт беребиз деген келишим бар. Мамлекеттер аралык келишимди бузган тарап жоопко тартылат", — деди ал.

Ошондой эле Ибраев учурда министр Доскул Бекмурзаев 2022-жылы Түркмөнстандан алына турган электр энергиясын өткөрүп берүү келишимин түзүү үчүн Өзбекстанга кеткенин кошумчалады.

7902
Белгилер:
Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, электр энергиясы, импорт, авария
Тема боюнча
Айталиев: күн энергиясын пайдаланып электростанция курууга кызыккандар көп
Садыр Жапаров: ТЭЦ–2 объектисин 2023-жылдын орто ченинде ишке киргизебиз
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору

Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт

235
(жаңыланган 13:48 30.11.2021)
Туристтик жайга каражатты Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бермекчи. Анын аймагына саркынды сууларды тазалоочу система жана чакан ГЭС курулары айтылды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген, меймандарды тейлей турган комплекстин курулушуна акча берет. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ РКӨФ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду каржылоону бекиткен. Ал ири долбоор "Ала-Тоо — Көл-Төр аймагы" комплекси деп аталат. Меймандарды тейлеген жайдын Кегетидеги токойчулугунун аймагында, Көл-Төргө бара жаткан аймакта жана анын жээктеринде курула тургандыгы айтылды.

"РКӨФ финансылай турган сумма 380 000 долларды түзөт. Каражат этностилде салына турган, жылдын төрт мезигилинде тең меймандарды кабыл алууга ылайыкталган заманбап комплекстин курулушуна берилет. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошо турган бул долбоор өлкөбүздөгү атандаштыкка туруштук бере алган багытта", — деп айтып беришкен РКӨФтөн.

Аталган комплекс ишке кирип калса жергиликтүү 30 киши туруктуу жумуш менен камсыз болмокчу.

Долбоордо саркынды сууларды тазалоочу системаны жана чакан ГЭСти куруу менен экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча бардык эреже-талаптар сакталары айтылды.

Кегети капчыгайы Бишкектен 80, Токмок шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Ал Кыргыз тоо кыркасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

235
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, Кегети капчыгайы, туристтик комплекс
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
Акча каражаттары. Архив

Жыл башынан бери депозиттин көлөмү 37,4 млрд. сомго көбөйдү

39
Акыркы айларда Кыргызстанда депозиттик база өсүүдө. Мисалы, октябрь айында көлөмү дээрлик 6,5 миллиард сомго көбөйгөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылы банктардагы депозиттердин көлөмү дээрлик 37,4 миллиард сомго көбөйдү, бул кезектеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыгуу менен келүүгө болот.

Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акча да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.

Өткөн жылдын аягында каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан соң бир аз азайып, кийин өсө баштаган, ал эми март айынан тарта жаңы рекорд койгон.

Октябрдын соңунда аманаттардын көлөмү 218,3 миллиард сомго чейин өскөн. Октябрь айында депозиттик база 6 миллиард 458,3 миллион сомго көбөйгөн.

39
Белгилер:
Улуттук банк, депозит, каражат, рекорд
Тема боюнча
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасындагы тобокел учурларды атады
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Эртең Жогорку Кеңеш үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

57
(жаңыланган 17:19 30.11.2021)
27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

57
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, жыйын, шайлоо, кол тийбестик
Тема боюнча
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди