Кумшекер. Архив

Кыргызстанда кумшекер боюнча абал кандай экени айтылды

371
(жаңыланган 14:39 20.11.2021)
Билдирүүгө караганда, өлкөдөгү кант рыногунда "Кайыңды Кант", "Кошой" сыяктуу ишканалар басымдуулук кылгандыктан монополиялык абал түзүлүп, көп деле өзгөрүү байкала бербейт.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Антимонополияга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кумшекер рыногундагы абал тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө караганда, өлкөдөгү кант рыногунда "Кайыңды Кант", "Кошой" сыяктуу ишканалар басымдуулук кылгандыктан монополиялык абал түзүлүп, көп деле өзгөрүү байкала бербейт.

Учурдагы абал:

  • Кыргызстан жылына 100-110 миң тонна шекер сарптайт. Ата мекендик өндүрүүчүлөр анын 50-60 пайызын жабат. Калганы Россия, Беларусь, Украина, Казакстандан алынат;
  • электр энергиясына жана спиртке болгон суроо-талап күчөгөндүктөн кант жыл башынан бери 22 пайызга кымбаттап, дүйнөлүк рынокто акыркы төрт жылдагы рекордду жаңылады;
  • Россияда ноябрь айынын башында канттын баасы жогорулады. Андыктан ал жактан импорттолгон шекердин баасы дагы кымбаттап жатат;
  • жыл башында кумшекердин килограммы 53,8 сом болсо, азыр орто эсеп менен 68,2 сомго жетти;
  • "Кайыңды Кант" ишканасы бүгүнкү күндө дүңүнөн алган кардарларга 62,5 сомдон 50 килограммдык мүшөк) жана 62,7 сомдон (25 килограммдык мүшөк) сатууда. Ал эми "Глобус", "Народный", "Фрунзе" сыяктуу ири соода борборлорунан 61,7 сомдон (62,15 сом салыктын кошкондо) алууга болот.
371
Белгилер:
Кыргызстан, Кумшекер, абал, рынок
Тема боюнча
Статком: Кыргызстанда кумшекер кымбаттап жатат
Тизмеде Түштүк Африка да бар. Кыргызстандын балын жеген өлкөлөр
Кыргызстанга күрүч кайсы мамлекеттерден келет? Тизмеде АКШ, Уругвай бар
Электр линиялары. Архив

Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Чоо-жайы

45
(жаңыланган 16:03 06.12.2021)
Электр энергиясы боюнча маселе ноябрдын соңунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында козголгон.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат.

Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
45
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, Садыр Жапаров, жарлык, колдоо, жөлөк пул
Тема боюнча
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт
Прокуратура: электр энергиясына карызы бар адамдарды жаап-жашырган схема аныкталды
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
Талаа жумуштары. Архив

Садыр Жапаров: дыйкан менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

136
(жаңыланган 14:48 06.12.2021)
Өлкө башчы келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөгү 6 пайызды түзгөн насыя дагы берилерин айткан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров дыйкандар менен фермерлерди жер салыгынан бошотконун өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал бул боюнча жарлык кабыл алганын белгиледи.

"Бүгүн мен айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Ага ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабык жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат", — деди Жапаров.

Президенттин жарлыгында фермерлер салыктан үч жылга (2022-2025-жылдар) бошотулары жазылган. 

Жапаров ошондой эле келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөгү 6 пайызды түзгөн насыя берилерин айткан.

"Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча алдыдагы 3-4 жылда баарыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз. Биздин негизги максатыбыз — сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу. Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер — айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. "Айыл банк" жана "РСК банк" менен тыгыз иштей баштаңыздар. Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак-аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет тарабынан сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз", — деди президент.

Өлкө башчы жарандарды колго тийген насыяны башка жакка жумшабай максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам берүүгө чакырды.

136
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, дыйкан, фермер
Тема боюнча
Кара-Балтада 1000 адам иштей турган текстиль фабрикасын ачуу пландалууда
Соцфонд өзүнүн банкын түзүүнү көздөп жатат. Максаты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

142
(жаңыланган 16:08 06.12.2021)
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.

Контейнерлери жана аянты:

  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.

Автоунаалары:

  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
142
Белгилер:
Акылбек Жапаров, декларация, автоунаа, контейнер
Тема боюнча
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт