Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кени. Архиы

Centerra Кумтөргө ээлик кылбай турганын мойнуна алды. Жапаровдун билдирүүсү

1731
(жаңыланган 15:01 20.11.2021)
Centerra мындай чечимди Онтарио провинциясындагы Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын талаптарынан улам кабыл алган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Centerra Gold Inc. Кумтөр кени мындан кийин аларга таандык эмес экенин моюнга алган чечим кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кумтөр кенине байланышкан акыркы окуялар боюнча Жапаров билдирүү жасаган.

"Бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрь жума күнү кечинде, биржалык соода аяктаган соң Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр кени мындан кийин аларга таандык эмес экенин моюнга алган чечим кабыл алды. Компания өзүнүн баланстык наркынан 926 миллион доллар чийип, Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын чагылдырууга аргасыз болгон", — деген Жапаров.

Анын айтымында, Centerra мындай чечимди Онтарио провинциясындагы Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын талаптарынан улам кабыл алган.

 Кумтөр кени
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Кыргыз өкмөтү башынан эле Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин өлкөнүн экономикасы менен жаратылышына ири чыгым келтиргенин мойнуна алууга чакырган. Эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектебегенибизге көзү жетет деп ойлойбуз", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал министрлер кабинети Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргоону уланта турганын кошумчалаган.

1731
Белгилер:
Акылбек Жапаров, Кумтөр, Centerra Gold Inc, чечим
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (108)
Тема боюнча
Кумтөр кенинде жашыруун көмүлгөн уулуу калдыктар табылды. Сүрөт
Арбитраждык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча план бекитилди
Электр линиялары. Архив

Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Чоо-жайы

41
(жаңыланган 16:03 06.12.2021)
Электр энергиясы боюнча маселе ноябрдын соңунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында козголгон.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат.

Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
41
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, Садыр Жапаров, жарлык, колдоо, жөлөк пул
Тема боюнча
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт
Прокуратура: электр энергиясына карызы бар адамдарды жаап-жашырган схема аныкталды
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
Талаа жумуштары. Архив

Садыр Жапаров: дыйкан менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

129
(жаңыланган 14:48 06.12.2021)
Өлкө башчы келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөгү 6 пайызды түзгөн насыя дагы берилерин айткан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров дыйкандар менен фермерлерди жер салыгынан бошотконун өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал бул боюнча жарлык кабыл алганын белгиледи.

"Бүгүн мен айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Ага ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабык жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат", — деди Жапаров.

Президенттин жарлыгында фермерлер салыктан үч жылга (2022-2025-жылдар) бошотулары жазылган. 

Жапаров ошондой эле келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөгү 6 пайызды түзгөн насыя берилерин айткан.

"Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча алдыдагы 3-4 жылда баарыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз. Биздин негизги максатыбыз — сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу. Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер — айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. "Айыл банк" жана "РСК банк" менен тыгыз иштей баштаңыздар. Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак-аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет тарабынан сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз", — деди президент.

Өлкө башчы жарандарды колго тийген насыяны башка жакка жумшабай максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам берүүгө чакырды.

129
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, дыйкан, фермер
Тема боюнча
Кара-Балтада 1000 адам иштей турган текстиль фабрикасын ачуу пландалууда
Соцфонд өзүнүн банкын түзүүнү көздөп жатат. Максаты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

119
(жаңыланган 16:08 06.12.2021)
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.

Контейнерлери жана аянты:

  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.

Автоунаалары:

  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
119
Белгилер:
Акылбек Жапаров, декларация, автоунаа, контейнер
Тема боюнча
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт