Кыргызстанда камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзгөндөр 2 эсе көбөйдү

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүЭлектронный страховой полис
Электронный страховой полис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 1,3 миллиард сомду түздү.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл мүлкүн камсыздандыргандардын саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Кыргызстандагы чет элдиктер эми камсыздандыруу акысын 9 эсе көп төлөйт
Ал эми камсыздандыруу компанияларынын кирешеси үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 1,3 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 эсеге өскөн.
Ошол эле учурда аталган компаниялардын чыгымы бир миллиард сомду түзгөн.
Жылдын башынан тарта 6 миңден ашык камсыздандыруу учурлары катталган. Зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 48 пайызы мүлктөргө жана 28 пайызы жеке медициналык камсыздандырууга берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0