Унаанын спидометри жана күйүүчү майдын прибору. Архив

Бензин кымбаттап, алтындын наркы кескин төмөндөдү. Соңку маалымат

95
(жаңыланган 11:06 23.11.2021)
Sputnik Кыргызстан негизги валюталардын курсу, күйүүчү майдын жана алтын куймалардын наркы тууралуу маалыматтарды чагылдырып турат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында доллардын курсу дээрлик өзгөргөн жок, евро менен алтындын баасы төмөндөп, күйүүчү май кымбаттады.

Дүйшөмбү күнгө салыштырмалуу акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда долларды сатып алуу бир тыйынга түштү. Учурда долларды 84,74 сомго сатып алып, 84,90 сомдон сатып жатышат. Евронун курсу сатып алууда 94,84, ал эми сатууда 96,26 сом болууда. Рублдин сатып алуу курсу 1,124 сом, сатуу курсу 1,153 сом. Теңгенин курсу анча-мынча өзгөрдү.

"Газпром нефть Азия" май куюу жайларында АИ-95 маркасындагы бензин жана дизель майы бир сомго кымбаттаган. "Бишкек петролеум" май куюучу жайларында баалар мурдагы бойдон турат.

Алтын куймалардын наркы кескин төмөндөдү. Мисалы, бир граммдыгы 122,5 сом, ал эми жүз граммдыгы 12,6 миң сом болууда.

95
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Күйүүчү май, нарк, төмөндөө, доллардын курсу, валюта
Тема боюнча
Тогуз айда өлкө экономикасынын финансы тармагы 46 млрд. сомдук киреше тапты
Кыргызстанда күмүштү экспорттоо үч эсеге азайды. 9 айдын маалыматы
Кыргызстанда бензин тартыш болуп жатабы? Расмий жооп
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.

Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады

106
(жаңыланган 15:09 28.11.2021)
Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн мамилесинин учурдагы абалын, саммиттин күн тартибине кирген долбоорлорду жана макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы боюнча сүйлөштү.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров
    Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов
    Анда Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы боюнча сүйлөштү.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.
"Өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилесинин учурдагы абалын, саммиттин күн тартибиндеги долбоорлорду, жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Садыр Жапаров Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендигин билдирген.

Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстанга учуп кеткен. Ашхабад шаарында президент Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

106
Белгилер:
саммит, Садыр Жапаров, Гурбангулы Бердымухамедов, жолугушуу
Тема боюнча
Садыр Жапаров Ашхабадга жетти. Аэропорттогу сүрөт, видео
Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео
Көмүр каптар. Архив

Бир ай ичинде көмүр 8 пайызга кымбаттаган. Статистика

16
Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Көмүрдүн чекене баасы бир ай ичинде 8,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

25-ноябрдагы маалымат боюнча, көмүр үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга кымбаттап, тоннасы орто эсеп менен 5 617 сомдон сатылууда.

Эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн 10 миң сом), Баткен (9 524 сом) жана Исфана (8 099 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу баа Чаек айылында (3 миң сом), Балыкчы (4 049 сом), Нарын (4 449 сом) жана Кара-Балта шаарларында (4 500 сом) болууда.

Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен. Учурда бул эреже сакталышы үчүн тиешелүү органдар маал-маалы менен көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүүдө.

16
Белгилер:
Кыргызстан, көмүр, баа, кымбатчылык
Тема:
Бишкектеги 3 миң сомдук көмүр
Тема боюнча
Буларда арзан эмес. Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери
Казакстандан Шабыркүл көмүрү көп келе баштайт. Кайдан канчага сатып алса болот
Мужчина участвует на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №1213 в Бишкеке. 28 ноября 2021 года

Канча кыргызстандык өз депутатын тандады? Саат 16:00гө карата маалымат

0
(жаңыланган 17:04 28.11.2021)
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берди. Бул 829 171 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (26.29 жана 25,11 пайыз), ал эми Чүй облусу дагы деле артта (19,99 пайыз) баратат.

Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 22,54 пайызы же 815 896 миң жаран өз тандоосун жасады. Мында шайлоого келгендердин саны боюнча Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округу (27,74 пайыз) лидер болууда. Ал эми Чүй облусундагы №24 Сокулук шайлоо округу эң артта (17,19 пайыз) калды.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.

Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.

Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлейт.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш берүү, катышуу, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо