Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрлик: Кыргызстан 200 тонна жүгөрүнү экспорттоого уруксат берет

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүЖүгөрү. Архив
Жүгөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Буга чейин фермерлер жүгөрүнү экспорттобосо талаада жыйналбай каларын айтышкан. Түшүмдүн көлөмү өлкөдөгү керектөөдөн кыйла жогору.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жакынкы аралыкта 200 тонна жүгөрүнү экспорттоого уруксат берилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Министр сельского хозяйства Аскарбек Джаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Анын айтымына караганда, жүгөрүнүн экспортунун көлөмүн бекитүү боюнча токтом долбоору макулдашууга жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта кабыл алынат.
"Жүгөрү өндүргөндөр да, аны сатып алган малчылар, куш баккандар да бар. Бул боюнча бир нече ирет талкуу жүргүзүп, натыйжада өндүрүлгөн 650-700 миң тоннанын 200 миңин экспорттоого мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине токтолдук. Экспорт маселеси дээрлик чечилип калды", — деди министр.
Түшүм жыйноо учурунда талаалардагы буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Пресс-борбор
Министрлик: буудай аз жыйналганына карабай тартыштык болбойт
Буга чейин ЖМКлар жүгөрү өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасына шилтеме берип, быйыл 115-118 гектар жерге жүгөрү тигилгенин жазышкан. Болжолдуу түшүм — 650-700 миң тонна. Республика жылына 250 миң тоннасын керектесе, фермерлердин дагы 400 тоннасы калат. Дыйкандар калганын кайда сатарын билбей жатканы айтылган. Мунун айынан келерки жылы жүгөрү тиккендер азайып, тоют кымбаттап кетиши мүмкүн. Тоюттун баасы өссө эт дагы кымбаттайт.
Ассоциация төрагасынын айтымында, айыл чарба продукциясын өндүргөндөрдүн сактоочу жайы да, сата турган рыногу да жок. Көптөр жүгөрүнү талаада калтырууга аргасыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0