Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президентинин учагы. Архив
Кыргызстандын президентинин учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Президенттин учагы эскиргендиктен, анын учууга жарамдуулугун жана учуу коопсуздугун сактоо үчүн жыл сайын көбүрөөк чыгым талап кылынары айтылууда.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентин ташыган учак эскирген. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн брифингде айтты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовТранспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев
Директор Агентства гражданской авиации при Министерстве транспорта и дорог Александр Настаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев
Буга чейин Садыр Жапаровдун Глазгого (Улуу Британия) болгон сапарында президенттик администрация бизнес-класстагы менчик Embraer Lineage 1 000 учагын ижарага алган болчу. Өлкө башчысын ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, ушундай кадам жасалганы айтылган.
Брифингде Настаевден президентке качан жаңы лайнер берилерин сурашты.
"Жарандык авиация агенттиги чарбалык субъект болуп эсептелбегендиктен, №1 аба кемесин качан алмаштыруу керектигин аныктай албайт. Президенттин учагы эскиргендиктен, анын учууга жарамдуулугун жана учуу коопсуздугун сактоо үчүн жыл сайын көбүрөөк чыгым талап кылынат. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет", — деп жооп берди ЖАА жетекчиси.
Ал өлкөнүн расмий делегацияларын ташуу менен "Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы алектенерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0