ГЭС. Архив

Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды

189
Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуунун болжолдуу акысы 106,1 миллион сомду түзөрү айтылды.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Киров суу сактагычындагы "Бала-Саруу" чакан гидроэлектростанциясынын долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгуу үчүн сынак жарыялады.

Арыз 2021-жылдын 10-декабрына чейин кабыл алынары айтылды.

"Аткаруучу долбоорлоо боюнча ишти келишимге кол коюлгандан тарта календардык 150 күндүн ичинде бүтүрүшү керек. Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуунун болжолдуу акысы 106,1 миллион сомду түзөт", — деп жазылат маалыматта.

Компания курулуш болгон жерге президент Садыр Жапаров капсула салганын белгилеген.

"Учурда гидроэлектростанцияга жабдуу тандоо иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, долбоор жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал бир жылда орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрөт, — деп жазылат маалыматта.

Долбоорду мамлекеттик "Чакан ГЭС" энергокомпаниясы Энергетика министрлиги жана Улуттук энергохолдинг менен бирге ишке ашыра турганы кошумчаланды.

189
Белгилер:
чакан ГЭС, долбоор, сынак, электр энергиясы
Тема боюнча
Жапаров Таластагы Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды
Алтын куймалары. Архив

Улуттук банктын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго азайды

28
Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган.

БИШКЕК, 27-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын алтын-валюта кору октябрь айында 1 миллиард 577 сомго кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.

Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган. Тагыраагы, 99 миллиард сомдон 36, 4 миллиард сомго түшкөн. Кийинчерээк алтындын кору бир аз (37, 9 миллиард сомго) кымбаттаган. Сентябрда кайра 29 миллиард 74,4 миллион сомго чейин түшүп кеткен.

1-октябрга карата анын баасы 49 миллиард 905,7 миллион сомго өскөнү айтылды. Бирок ноябрда кайра 48 миллиард 328,7 миллион сомго төмөндөгөн.

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.

28
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, алтын
Тема боюнча
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда инфляция качан басаңдай турганын айтты
Кыргызстанда доллардын курсу жакынкы жылдары кандай өзгөрөт? ЕАӨБдүн божомолу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда

Садыр Жапаров: ишкер же инвесторго кысым көрсөткөндөрдү катуу жазалайбыз!

118
(жаңыланган 16:31 26.11.2021)
Мамлекет башчы ишкерлерге мамлекеттик органдан тарта уюшкан кылмыштуу топторго чейин салык салып, тоскоолдук жаратарын белгилеген.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кимде-ким ишкерлерге жана инвесторлорго кысым көрсөтсө кызматына же погонуна карабай катуу жазалайбыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Президент бизнес көйгөйлөрдү мамлекеттин колдоосу жок жеңе албай турганын айтып, ишкердикти өнүктүрүү менен бюджеттин кирешесин көбөйтсө болорун белгиледи.

"Ишкерлердин ийгилиги экономикага оң таасирин тийгизет. Бул бизге социалдык чөйрөдө, коопсуздук маселелеринде, экологияда, адамзат капиталын жакшыртууда жана башка багытта алдыга коюлган башка маселелерди толук кандуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Тилекке каршы, мамлекеттин учурдагы экономикалык абалы иш жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Инвестицияларды тартуу, экономиканын өсүшү өлкөнү өнүктүрүү үчүн негизги фактор болуп саналат", — деди Жапаров.

Ал азыркы тартылган инвестициялардын көлөмү абалды түп-тамырынан жакшыртуу үчүн дээрлик жетишсиз экенин айтып, ишкерлерге мамлекеттик органдан тарта уюшкан кылмыштуу топторго чейин тоскоолдук жаратарын белгилеген.

"Криминалитет тарабынан коркутууга туш болгон ишкерлер унчукпоого мажбур болушат, ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылуудан коркушат, анткени аларга ишенишпейт. Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын толук кандуу, мыйзамдуу коргоонун жоктугунан алар ар бир келген адамга мыйзамсыз акча төлөп жатышат. Салык жана бажы мыйзамдарындагы айрым кемчиликтер дагы ишкерлердин укуктарына зыян келтирүүдө", — деген президент.

Мамлекет башчы бүгүндөн баштап ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын бузган мамлекеттик, өзгөчө көзөмөл жана укук коргоо органдарынын бардык жетекчилери жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.

"Азыр кимде-ким ишкерлерге жана инвесторлорго кысым көрсөтсө, ал кимдин тууганы, ага-иниси же куда-сөөгү болбосун, катуу жазаланат. Кайсы кызматты ээлегенине же кандай форма кийип, кандай погон тагынганына карабайбыз. Бул силердин дайыма курсак тойгузуп турган бекер жайытыңар эмес", — деген ал.

Жапаров бийлик ишкерлерге жана инвесторлорго максималдуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү экенин белгилеп өткөн.

118
Белгилер:
Садыр Жапаров, ишкер, инвестор, мамлекеттик орган, көзөмөл
Тема боюнча
Миллиарддарды жешкен. Жапаров кирешелүү тармактардагы көйгөйлөрдү тизмектеди
110 миң үй-бүлө электр энергияга 50 тыйындан төлөсүн. Жапаров тапшырма берди
Садыр Жапаров айыл чарба министрине жана эки аткаминерге сөгүш берди
Жапаров: өлкөдө азык-түлүк менен камсыз кылуунун деңгээли кооптуу абалда
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү

0
(жаңыланган 11:34 27.11.2021)
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров впервые подписал документы электронной подписью и направил на исполнение посредством системы электронного документооборота Infodocs (СЭД). 27 ноября 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү

Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.

"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, өкмөт, санариптештирүү, документ, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200%га жогорулайт