Сто долларовая купюра. Архивное фото

Улуттук банк 70,3 млн. доллар сатты. Интервенция рекорддук чектен ашууда

149
Башкы финансылык көзөмөл органы быйыл 12 жолу интервенция кылып, суммасы 517 миллион 50 миң долларга жетти.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 23-ноябрда, валюта рыногуна 70,3 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Аталган интервенция жыл башынан берки рекорддук сумма болуп эсептелинет. Улуттук банктын тарыхында мындай интервенциялар чанда жасалары айтылды.

Эң көлөмдүүсү ушул жылдын апрель айынын аягында жүргүзүлүп, 62 миллион 250 миң доллар сатылган.

Улуттук банк быйыл баш-аягы болуп 12 жолу интервенция жасап, анын жалпы суммасы 517 миллион 50 миң долларга жетти.

149
Белгилер:
интервенция, Улуттук банк, доллар, рекорд
Тема боюнча
Тогуз айда өлкө экономикасынын финансы тармагы 46 млрд. сомдук киреше тапты
Кыргызстандан тышка чыгарылган каражат тогуз айда рекорддук көрсөткүчкө жетти
Көмүр кампасы. Архив

Көмүр 6 000 сомдон сатылууда. Кимге кайрылып, кандай чара көрүү керек?

36
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баа боюнча, Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 4 500 сомдон кымбат сатылбашы керек.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигине калаада айрым жерлерде Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 6 000 сомдон сатылып жатканын айтышты.

Эске салсак, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыккан. Документтин негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кара алтындын баасын бекитип, Бишкекте кара алтындын баасы 4 500 сомдон кымбат ашпаш керек болчу.

Шаардыктар Бишкектин айрым жерлеринде ортомчулар жана ишкерлер баа бекитилгенине карабай Кара-Кече көмүрүн кымбат сатып жатканын айтып, арызданышты.

"Мурманская көчөсүндө жайгашкан базалардын сыртында Кара-Кече көмүрү 5 500 сомдон, Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө 6 000 сомдон сатып жатышат. Андан башка жерлерде дагы кымбат экен. Бир тоннаны үйүңө жеткиргенде эле 10 000 сом чыгып кетет", — деди окурман.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы өкүлү Сагын Маматоморов токтом үч ай бою күчүндө болорун, кара алтындын баасы 4 500 сомдон ашпашы керектигин эскертти.

"Биздин кызматкерлер көмүр саткан базаларды күнүгө текшерип жатат. Айрым алып сатарлар ортодон бааны көтөрүп жиберүүдө. 5 000-6 000 сомдон сатылбаш керек. Аларды аныктасак дароо айып салабыз. Шаар тургундарына да кымбат саткан жерлер болсо бизге чалып так дарегин айткыла деп жатабыз", — деди ал.

Көмүрдү кымбат саткандардын үстүнөн кайда арызданса болот?

Агенттиктин борбордук аппараты — 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;

  • Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрү — 66-14-15, 66-48-06;
  • Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмү — 0 (3922) 3-18-86;
  • Нарын облусу боюнча бөлүмү — 0 3522 5-09-53;
  • Талас облусу боюнча бөлүмү — 0 (3422) 5-58-51;
  • Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү — 0 (3722) 7-02-23;
  • Ош облусу боюнча бөлүмү — 0 (3222) 7-00-25;
  • Баткен облусу боюнча бөлүмү — 0 (3622) 5-51-49.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен бериле баштаган. Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көп. Сатуучулар арзан көмүр алууну каалагандар 10 күн эрте кезекке туруп, тизмеге жазылышы керектигин эскертишкен.

36
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, көмүр, баалар, арыз
Тема боюнча
Бир ай ичинде көмүр 8 пайызга кымбаттаган. Статистика
Энергетика министрине сөгүш берилип, "Кыргыз көмүрдүн" жетекчилери иштен алынды
Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ). Архив

ЕАЭБ Индия, Египет, Израиль менен сооданы либералдаштырууну сүйлөшүп жатат

14
(жаңыланган 16:43 02.12.2021)
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин ЕАЭБ дүйнөлүк аренада өзүнүн беделин арттырып жаткан күчтүү эл аралык бирикме деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) Индия, Египет, Израиль менен сооданы либералдаштыруу жаатында сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Евразиялык экинчи конгрессте Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин билдирди.

Мишустин "Маанилүү инвестициялык долбоорлор — ЕАЭБдеги экономикалык өсүштүн системалык драйверлери" аталыштагы сессияда сүйлөп жатып ЕАЭБ дүйнөлүк аренада өзүнүн беделин арттырып жаткан күчтүү эл аралык бирикме деген пикирин билдирди.

"Аймактык интеграциялык түзүмдөр жана башка өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн тыгыз мамилелерге чыйыр салып жатабыз. Албетте, биздин өнөктөштөргө айта турган сунуштарыбыз бар. ЕАЭБдин топтолгон мүмкүнчүлүктөрү ар кыл тармактагы маселелерди кеңири талкуулоого шарт түзүп берет. Биз Вьетнам, Иран, Сингапур, Сербия менен эркин соода кылуу жөнүндө, ал эми Кытай менен иштешүү жаатында эки келишимибиз бар. Сооданы либералдаштыруу үчүн Египет, Израиль менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Ал эми Индия менен мындай процессти жаңы баштаганы турабыз", — деген Мишустин.

Анын айтымына караганда, байкоочу мамлекет макамын Өзбекстан менен Куба кеңири колдонуп жатат. Алар соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Мунун баары аталган интеграциялык уюмдун өнүгүүсүнө кошумча түрткү берери айтылды.

Евразиялык экинчи конгресстин жүрүшүн түз алып берип жаткан эфирди бул шилтеме менен кирип көрсөңүздөр болот.

Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. Эл аралык Sputnik агенттиги менен радиосу конгресстин башкы маалыматтык өнөктөшү болууда.

14
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Индия, Египет, Израиль, Михаил Мишустин
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБдин бирдиктүү товар өткөрүү тармагы Кыргызстанга эмнеси менен пайдалуу
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Гинцбург: "Спутник Лайт" менен тамчылатма вакцинаны бирге колдонсо болот

0
(жаңыланган 17:15 02.12.2021)
Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Спутник Лайт" менен коронавируска каршы таноого тамчылаткан вакцинаны аралаш колдонсо болот. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуусу Александр Гинцбургдун айтканын РИА Новости жазды.

"Бул ден соолукка зыянын тийгизбейт", — деп кошумчалаган ал.

Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 вакцинасынын клиникалык сыноолоруна уруксат бергени айтылган.

Гинцбург тамчылатма препараттын кыйыр таасири жоктугун билдирген. Анын орун басары Денис Логуновдун айтымында, бул дем алуу органдарында иммунитетти пайда кылып, ооруга кошумча тоскоолдук жаратууга багытталган процедура.

Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.

"Оорутуп же оорутпаганы боюнча айтсам, эки саат мурда сайган, эч нерсе деле сезген жокмун. Баары кадыресе эле, абалым да күндөгүдөй", — деген Путин анда.

Путин COVID-19га каршы тамчылатма вакцинаны эксперимент жасоо боюнча ыктыярчыларды чакырган.

0
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Александр Гинцбург, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"Кыйыр таасири жок": мурунга тамчылаткан вакцинанын коопсуз экени айтылды