Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда инфляция качан басаңдай турганын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Талдоочулар баанын кыска убакытка өсүшү качан күтүлөрүн жана анын эсебинен инфляциянын басаңдашы мүмкүн экенин айтышты.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда инфляциянын темпи басаңдашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын 2022-жыл үчүн жасаган макроэкономикалык божомолунда айтылат.
Белгилей кетсек, документте учурдагы кырдаалга сереп жана 2021-жылдын аягына чейин, ошондой эле 2023-жылга карата божомолдор камтылган.

Учурдагы кырдаал жана жылдын аягына чейин божомол

ЕАӨБдүн эсептөөлөрү боюнча, Кыргызстанда керектөө бааларынын индекси үстүбүздөгү жылдын аягында 9,8 пайызга өсөт.
"Күздүн орто ченинде пайда болгон инфляциялык факторлор 2021-жылдын аягына чейин жана келерки жылдын башында ички баага кошумча басым жасайт. Энергоресурстардын дүйнөлүк баалары күтүлгөндөн жогору өсүшү, ошондой эле дүйнөлүк ташып жеткирүү байланышындагы көйгөйлөрдүн узакка созулган көрүнүшү 2022-жылы да инфляциянын негизги факторлорунун арасында кала бериши ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.
Керектөөчүлүк суроо-талап инфляциянын жогорулашына белгилүү өлчөмдө таасирин тийгизген. Акча которуулардын жана керектөө кредиттеринин өсүшү реалдуу эмгек акынын төмөндөшү менен компенсацияланган.

2022-жылга божомол — инфляция басаңдайт

ЕАӨБдүн маалыматына ылайык, инфляция жети пайызга төмөндөйт. Энергетикалык ресурстардын жана дан азыгынын дүйнөлүк рыноктогу жагдайы инфляциянын максаттуу көрсөткүчкө кайтып келүү динамикасын басаңдатат (Кыргызстандын Улуттук банкы үчүн 5-7 пайызды түзөт). 2022-жылдын биринчи жарымында ташып жеткирүүлөр үзгүлтүккө учураса өндүрүүчүлөрдүн койгон баасына таасирин тийгизет (2022-жылдын биринчи жарымында).
Доллар белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Кыргызстанда доллардын курсу жакынкы жылдары кандай өзгөрөт? ЕАӨБдүн божомолу
"Учурдагы кургакчылыкты эске алганда, келерки жылдын жазында, жай айынын башында жашылча-жемиштердин убактылуу кымбатташын күтүүгө болот. Бирок дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы басымды жеңилдетүү жана дүйнөлүк логистикалык чынжырчадагы кырдаалды жакшыртуу инфляциянын басаңдашына өбөлгө болот", — деген серепчилер.
2023-жылга божомол — инфляциянын андан ары басаңдашы
Инфляциянын максаттуу көрсөткүчкө келиши 2023-жылга болжолдонууда (Улуттук банкта 5-7 пайыз экенин эскертебиз). 2023-жылы инфляциянын деңгээли 5,2 пайызды түзөрү күтүлүүдө.
"Орто мөөнөттүү келечекте ЕАӨБ талдоочулары керектөө бааларынын индексинин өсүү темпинин басаңдашын болжолдошууда. Бул үчүн сомдун долларга карата номиналдык курсунун туруктуу болушу керек. Бул фактор чечүүчү болот, бирок анын таасири ички суроо-талаптын жана калктын кирешелеринин акырындык менен калыбына келишин жарым-жартылай компенсациялайт", — деп айтылат маалыматта.
Мунай рыногундагы кымбатчылык да орто мөөнөттүү келечекте басаңдашы күтүлүүдө.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0