Чип жетишсиздиги качан чечилет. ЕАӨБдүн башкы экономистинин божомолу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЕвразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкы экономисти Евгений Винокуров. Архив
Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкы экономисти Евгений Винокуров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
COVID-19 пандемиясы шартында көп мамлекеттерде электрондук шаймандарга суроо-талап өсүп, чиптин тартыштыгына алып келген. 
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Чип жетишсиздиги эки жылда чечилиши мүмкүн экенин Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкы экономисти Евгений Винокуров билдирди. Ал ЕАӨБдүн макроэкономикалык божомолу боюнча "Өсүүнү калыбына келтирүүдөн тарта туруктуу өнүгүүгө чейин" аттуу презентациясын жасады.
Анын айтымында, инфляцияга таасир эткен себептердин бири — "коронавирустун кесепети" деп аталган фактор. Бул товар ташуулардын үзгүлтүккө учурашы, чипке суроо-талаптын өсүшү жана айрым тармактарда жумушчу ресурстардын аздыгы. 
"Айрымдарын чечүү үчүн эки жылдай убакыт керек. Анүстүнө чип рыногу татаал нерсе. Бир нече айда керектөөлөрдү камсыздоо кыйын. Бирок "коронавирустун кесепети" тийген тармактар калыбына келип жатат. Менимче, бул утурумдук гана кыйынчылыктар, жакынкы айда жана жылда инфляция басаңдайт", — деген Винокуров.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынын шартында көптөгөн мамлекетте уюлдук байланыштын бешинчи муундагы системасына өткөндөр, компьютер жана телефон чыгаргандар көбөйдү. Бул электрондук шаймандардын, анын ичинде жарым өткөргүчтөргө (полупроводник) суроо-талаптын өсүшүнө алып келди. 
3 жана 5 сомдук тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол
АКШда буга чейин чиптердин тартыштыгынан улам ири технологиялык корпорациялар коалиция түзгөн. Ага өлкөдө чип чыгарган ири компаниялар (Intel, Nvidia и Qualcomm), ошондой эле өздөрү чыгарган техникага бул микросхеманы колдонгон компаниялар (Apple, Google, Amazon Web Services, Microsoft, Verizon и AT&T) кирген.
Автоунаа өнөр жай тармагы дагы жарым өткөргүчтөрдүн тартыштыгынан улам өндүрүштү кыскартууга аргасыз болууда. Бул унаалардын кымбатташына таасир этери белгиленет.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0