Улуттук банктын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго азайды

© Sputnik / Александр АлпаткинАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган.
БИШКЕК, 27-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын алтын-валюта кору октябрь айында 1 миллиард 577 сомго кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.
Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган. Тагыраагы, 99 миллиард сомдон 36, 4 миллиард сомго түшкөн. Кийинчерээк алтындын кору бир аз (37, 9 миллиард сомго) кымбаттаган. Сентябрда кайра 29 миллиард 74,4 миллион сомго чейин түшүп кеткен.
3 жана 5 сомдук тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол
1-октябрга карата анын баасы 49 миллиард 905,7 миллион сомго өскөнү айтылды. Бирок ноябрда кайра 48 миллиард 328,7 миллион сомго төмөндөгөн.
Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Жаңылыктар түрмөгү
0