Бир ай ичинде көмүр 8 пайызга кымбаттаган. Статистика

© Sputnik / Эмиль СадыровКөмүр каптар. Архив
Көмүр каптар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Көмүрдүн чекене баасы бир ай ичинде 8,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
25-ноябрдагы маалымат боюнча, көмүр үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга кымбаттап, тоннасы орто эсеп менен 5 617 сомдон сатылууда.
Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Энергетика министрине сөгүш берилип, "Кыргыз көмүрдүн" жетекчилери иштен алынды
Эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн 10 миң сом), Баткен (9 524 сом) жана Исфана (8 099 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу баа Чаек айылында (3 миң сом), Балыкчы (4 049 сом), Нарын (4 449 сом) жана Кара-Балта шаарларында (4 500 сом) болууда.
Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен. Учурда бул эреже сакталышы үчүн тиешелүү органдар маал-маалы менен көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0