Жапаровдун тапшырмасынан соң "Айыл Банктан" коррупциялык фактылар табылды

© Фото / пресс-служба "Айыл Банк""Айыл Банктын" тейлөө кеңсеси. Архив
Айыл Банктын тейлөө кеңсеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында дыйкандарга багытталган кредиттердин бизнесмендерге берилишин иликтөө үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырма берген.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган тапшырмасынан кийин УКМК "Айыл Банктагы" коррупциялык көрүнүштөрдү текшерип баштады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
Мамлекет башчы үстөк пайызы төмөн насыяларды депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары өзүнө тартып кеткенин белгилеген.
"Аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча "Айыл Банк" ААКнын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилери айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0