Бул шылдың! Абжалиев бийлик инвесторлорго электр энергия бербей жатканын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Эл өкүлү мамлекет чет өлкөдөн келген инвесторлорго шарт түзүп бере албаса ишканаларын жаап, кетирүү керектигин айтты.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бир айдан бери чет элдик инвесторлордун компаниясына электр энергиясы берилбей иштебей турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев билдирди.
Эл өкүлү жаңы Салык кодексинин долбоору экинчи окууда каралып жатканда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге кайрылды.
"Негизи сунушталып жаткан Салык кодекси керек, бирок аны аткарууга шарт түзүү зарыл. Бүгүн биз инвесторлорду издеп жүрөбүз, ал эми мурда келген инвесторлордун ишканаларына электр энергиясын бербей жатабыз. Өкмөттүн позициясы кандай болуп жатат? Бул деген шылдың да. Мен билгенден бир айдан бери же электр энергия бербейсиңер, же такыр жаап кетирбейсиңер. Эгер бул жагын эптей албасак жанталашып чет элдик инвесторлорду чакырып эмне кылабыз?" — деди Абжалиев.
Ошондой эле ал инвесторлор министрлер кабинети менен сүйлөшүп, күндүзгү же түнкү режим менен болсо да иштөөгө даяр экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0