334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрот
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
2021-жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 556,6 миллиард сом болуп, реалдуу өсүү темпи 101,6 пайызды түздү.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстан коронавирус пандемиясына карабастан акыркы эки жылда биринчи жолу экономикалык өсүшкө жетишти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
2021-жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 556,6 миллиард сом болуп, реалдуу өсүү темпи 101,6 пайызды түздү. 2020-жылдын ушул мезгилинде 92,7 пайыз болчу.
"Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгында өсүш темпин 3 пайызга чейин камсыз кылуу пландалууда. Бул Кыргызстандын кризистен акырындап чыгып баратканын жана экономиканын калыбына келе баштаганын билдирет. 2022-жылы "көмүскө" экономикадан мамлекеттик бюджетке кошумча каражат тартып, салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртуу менен өлкөнүн консолидацияланган бюджетин 400 миллиард сомго чейин чыгаруу пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал үчүн президенттин тапшырмасы менен министрлер кабинети ИДПнын жогорку экономикалык өсүү темпин 7 пайызга чейин чыгаруу, экономиканы түзүмдүк жактан өзгөртүү, "жашыл экономика" долбоорунун ишин активдүү жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Өкмөт мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, көмүскө экономиканы кыскартуу, экономиканын курулуш тармагын жандандыруу, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын түзүү боюнча иш жүрүп жатканы кошумчаланган.
Дефицит бюджета в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Пресс-борбор
Бийлик азырынча пенсиялык фонд түзбөй турган болду. Себеби
Ал эми республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрү боюнча алдын ала маалыматтарга караганда, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында түшкөн кирешенин жалпы көлөмү 162 миллиард сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2021-жылы бюджеттин жалпы кирешеси 46,8 миллиард сомго өскөнү айтылды.
"Мындай көрсөткүчкө салыктык башкарууну жакшыртуу, салык жана бажы жол-жоболоруна санарип технологиясын киргизүү боюнча аткарылган жигердүү иштердин натыйжасында жетишилди", — деп белгиленет маалыматта.
Бул мезгилде түшкөн салыктын көлөмү 118,8 миллиард сомду же план боюнча 100 пайызды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу киреше 37,3 миллиард сомго көбөйгөн.
Алардын ичинен:
  • Мамлекеттик салык кызматынын багыты боюнча — 77,4 миллиард сом. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,8 миллиард сомго көбөйгөн;
  • Мамлекеттик бажы кызматынан 41,4 миллиард сом түштү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15,9 миллиард сомго өскөн;
  • Салыктык эмес кирешелер 36,5 миллиард сомду түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу салыктык эмес киреше 11,1 миллиард сомго жеткен;
  • Республикалык казынанын жалпы чыгашалары 161,6 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25,7 миллиард сомго көп.
"Быйылкы республикалык бюджет жалпы кирешелер жана жалпы чыгашаларды эске алганда 334,0 миллион сом профицит менен аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилинде таңкыстык 17,0 миллиард сом деңгээлинде болгон", — деп белгиленет.
Балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүүгө каражат бөлүндү.
"Алсак, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайыз, ал эми 2022-жылдан тарта 100 пайыз, айрым жөлөк пулдар 200 пайызга көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чегарасындагы окуяларда талкаланган турак жайларды калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү.
Мамлекеттик ипотекалык насыялоо системасын өнүктүрүү жана жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын уставдык капиталы көбөйтүлдү.
Банктык карталар жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Салык кызматы ишкерлердин банктык эсебин көрө алат. Жаңы кодекстеги норма
Чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында мамлекеттик "Айыл банк" жана "РСК банк" банктарынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн кошумча 4,5 миллиард сом бөлүнгөн.
Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн көп жылдардан бери биринчи жолу республика өз каражаттарынын эсебинен заманбап аскердик техникаларды сатып алды, аскер кызматчыларынын эмгек акысы жогорулады.
2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бюджеттен 2,9 миллиард сом бөлүндү.
Мындан сырткары, өлкө жетекчилиги 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон жарандардын категориясы үчүн электр энергиясына тарифтерди киловатт-саатына 50 тыйындан белгилөө чечимин кабыл алган. Маалыматта муну менен мамлекет бардык социалдык маанилүү чыгымдарды, анын ичинде эмгек акыны, жөлөк пулдарды жана пенсияларды толук көлөмдө каржылаганы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0