ЕАЭБ өлкөлөрүнө кумшекер ташыгандар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКумшекер. Архив
Кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Жыйында бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр-жай жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан 18 маселе талкууланган.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев баштаган делегация Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынына катышты.
Жолугушуунун алкагында маалыматташтыруу, бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр-жай жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан 18 маселе талкууланган.
"ЕЭКтин кеңеши 2022-жылдын 1-январынан 31-августуна чейин кумшекерди бажы төлөмдөрүсүз ташып келүү тууралуу тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле "Алкоголдук продукция коопсуздугу жөнүндө" ЕАЭБдин техникалык регламенти өзгөртүлдү. Ага ылайык, регламентти күчүнө киргизүү мөөнөтү 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылга чейин узартылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, кийинки жылы ЕЭКтин 10 жылдыгын белгилөө программасы бекитилди.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0