Сот тыңчылык үчүн шектелген кызматкерди камакка алууга уруксат берди

Алтынбека Муралиева
Алтынбека Муралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тыңчылык үчүн шектелген өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиевди камакка алууга чечим чыгарды, деп билдирет өлкөнүн УКМКнын өкүлүнө таянуу менен, РИА Новости.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Алтынбек Муралиев УКМК "кызматтык жашыруун сыр болуп эсептелген маалыматтарды чет элдик уюмдарга берүү же берүү үчүн топтоо" беренеси боюнча козгогон иштин алкагында 1-ноябрда кармалган. Кыргыз ММК маалыматтары боюнча жогорку даражадагы кызматкер өлкөнүн мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу болот.

"Камакка алынуучу соттун чечими менен УКМКнын убактылуу жайында эки ай – 30-декабрга чейин калат", — деп билдирди агенттиктин маектеши.

Бир нече жыл мурун тыңчылык боюнча айып менен Кыргызстандын Жогорку Кенешинин (парламент) аппаратынын кызматкери кармалган. Ал, республиканын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, чет элдик жарандарга "жашыруун" деген эн тамга менен өтчү документтердин көчүрмөлөрүн берип турган. Кийинчерээк ал "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча соттолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0