Өзбекстан: каза болгон кыргыз жараны буйрукка баш ийбей койгон

© Фото / Auntie PАрхив: Кыргыз-өзбек чек арасы.
Архив: Кыргыз-өзбек чек арасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКК МЧКК басма сөзү окуя болгон жерди текшере келгенде ири көлөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктар табылгандыгын, бул факт боюнча Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгондугун билдирди.

БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитети (УКК МЧКК) жума күнү өзбек-кыргыз чек арасында атылган КР жаранына каршы курал ал өзбек чек арачылар тобунун талаптарына баш ийбей койгондон кийин колдонулгандыгын билдирди, деп кабарлайт РИА Новости

Архив: Чек ара - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан адам каза болду
Бейшемби күнү Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Өзөк айылында мамлекеттик чек аранын өзбек аймагында өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранына карата ок чыгарган. КР жараны жаракаттан улам Өзбекстан аймагындагы ооруканада каза болгон. Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, окуя мамлекеттик чек аранын макулдашылбаган жеринде болгон.

Өзбекстандын чек ара ведомствосунун билдирүүсүндө,өзбек чек арачылары 13-ноябрь күнү Өзбекстан тарапка товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушкан деп жазылат.

"Кармоо учурунда эскертүү иретинде ок атылганына карабай, мамлекеттик чек араны бузуучулар Өзбек Республикасынын чек арачыларынын мыйзамдуу талаптарына баш ийишкен эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

УКК МЧКК басма сөзүнүн маалыматы боюнча, "окуя болгон жерди текшерип, иликтегенде ири көлөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктар табылган. Бул факт боюнча Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду". Өзбекстандын чек ара ведомствосунун маалыматы боюнча, каза болгон адам 2008-жылдан бери ар түрдүү товардык-материалдык баалуулуктарды кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу мыйзамсыз ташуу менен алектенип келген. СССР жоюлгандан кийин кыргыз-өзбек чек араларынын дээрлик төрттөн бири делимитацияланбай келиши чек арадагы дайыма болуп келе жаткан чыр-чатактардын себеби болуп эсептелет. Акыркы үч жылда бул жерде курал колдонуу менен коштолгон бир нече ондогон чек ара кагылышуулары болгон. 


Жаңылыктар түрмөгү
0