Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазган доогер арызын кайтарып алды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: Сот залы
Архив: Сот залы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазган Абдыметалип Бекташев ага карата доосу жоктугун билдирди.

БИШКЕК, 22-ноя – Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазган Абдыметалип Бекташев жазган арызын кайтарып алганын бүгүн маалымат жыйында билдирди. Бирок, ал арызын кайтарып алууга эмне себеп болгонун так айткан жок.

Абдыметалип Бекташев буга чейин прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата доосу болуп келгенин, бирок учурда андай доосу жок экенин маалымдап, маалымат жыйындан чыгып кетти.

Буга чейин маалым болгондой, Өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү маалымат жыйынын өткөрүп, алардын үйүнө 31-августта белгисиз бирөөлөр келип коркутуп, үй ээсин сабап, ири суммадагы акчасын алып кеткенин билдиришкен эле. Алар бул кол салууну ошол убакта прокутарурада иштеген Канжар Кадыралиев уюштурган деп маалымдашкан.

Туугандарынын айтымында, 27-28-август күндөрү Сактанга Кадыралиев өзү, анын Абдысалам аттуу досу да акча талап кылып телефон чалышкан. Ишкер алар менен жолугуудан баш тартканда, үйүнө куралданып беткап кийген 4 киши кирип келген. Алар ишкердин бизнесин Кадыралиевге толук каттатууну талап кылып, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткиле деп коркутушкан.

Бул ишке өлкө президенти Алмазбек Атамбаев да кийлигишип, бул ишти иликтөөнү Башкы прокурор Аида Саляновага тапшырган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0