Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматовго издөө жарыяланды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ак-Бура аркылуу өткөн көпүрө
Архив: Ак-Бура аркылуу өткөн көпүрө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Ош шаарынын мурдагы башчысын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген фактынын негизинде кылмыш ишин козгоп, ага издөө жарыялады.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталып, ага издөө салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз борбору билдирди.

Башкы көзөмөлдөө органынын маалыматтарына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Мырзакматов түштүк борбор калаанын башчысы болуп турганда өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, "Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарды жана шаардын жергиликтүү коомчулугунун уставын бузгандыгы аныкталган. 

"Ал аталган мыйзамдарды текеберчилик менен бузуп, олуттуу маанидеги кымбат баалуу объектти эч бир экономикалык ырастоосуз жана техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыкпай туруп курууга ниеттенген. Мурдагы мэр шаардын жергиликтүү кызмат жетекчилерине аталган көпүрөнүн курулуш иштерин баштоого жана аны каржылоого мыйзамсыз буйрук берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Анын жыйынтыгында шаардын жол башкармалыгы 2013-жылы мыйзамсыз эки тендер өткөрүп, асма көпүрөнүн долбоорлук — эсеп документтерин жана анын курулушун иштеп чыгууга подряддык келишимдерди түзгөн. Бул иштерди аткарууда мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун ири көлөмдөгү зыян келтирилген. 

Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча 2014-жылдын 27-ноябрында Мырзакматовго КРдин Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча сыртынан айып тагылган. Ошол эле күнү Ош шаардык соту мурдагы шаар башчысынын баш коргоо чарасын камакка алуу жөнүндө чыгарып, ага издөө жарыяланган.

Көпүрөнүн долбоорун Ош шаарынын мурдагы жетекчилиги сунуштап, ал 800 миллион сомго бааланган эле. Каражаттын жетишсиздигинен аны кайра карап чыгышып, алдын ала эсеп баасы 650 миллион сомду түзгөн. Өкмөт бул көпүрөнүн курулушуна россиялык гранттын эсебинен 13 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылган. Курулуш 2014-жылдын сентябрында башталып, 2915-жылдын майында бүтүшү керек болчу. Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 264 метр, туурасы 23 метр болмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0