Мужчина в чалме

"Талибан" Пешавардагы окуу жайына пакистандык согушчандардын кол салуусун сынга алды

25
(жаңыланган 05:47 18.12.2014)
Афганистандын "Талибан" кыймылы "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмунун согушчандары Пешавардагы аскер окуу жайына кол салгандыгын сынга алды.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Афганистандын "Талибаны" "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмунун согушчандары Пешавардагы аскер окуу жайына кол салгандыгын сынга алды деп билдирет РИА Новости.

"Талибан" террористтик кыймылынын Пакистандагы канаты болуп эсептелген "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмунун согушчандары шейшембиде өлкөнүн түндүк-батышында орун алган Пешавар шаарынын аскер окуу жайын басып алышкан. Окуу жайындагылардын туугандарынын айтымында, террористтер барымтага алынгандарды дароо эле ата баштаган. Теракттын натыйжасында болжол менен 148 курман болгондордун көпчүлүгү окуучулар. Мурдатан талибдер согушчандардын үй-бүлөрүнө каршы операция жүргүзүп жаткан Пакистандын аскерлеринен өч алуу ниетин билдиришкен. 

"Күнөөсүз адамдарды, аялдар менен балдарды атайылап өлтүрүү исламдын негиздерине каршы келет, жана бул критерийди ар бир ислам партиясы жана өкмөт карап чыгышы керек", — деп айтылат "Рейтер" агенттиги келтирген афганистандык талибдердин өкүлү Забиулла Муджахиддин билдирүүсүндө.

15-июнда Пакистандын Куралдуу күчтөрү Түндүк Вазиристандын аймагында "Аль-Каиданын", "Талибандын", "Батыш Түркестандын ислам кыймылынын" жана "Өзбекстандын ислам кыймылынын" согушчандарына каршы Зарб-е-Азб деп аталган "универсалдуу операциянын" башталышы тууралуу билдирген.

25
Белгилер:
Зарб-е-Азб универсалдуу операциясы, Өзбекстандын ислам кыймылы, Батыш Түркестандын ислам кыймылы, Аль-Каида, "Техрик-и-Талибан Пакистан" ислам кыймылы, Талибан, Забиулла Муджахид, Пешавар
Тема боюнча
Пакистандагы аскер окуу жайына болгон кол салуудан 126 киши каза болду
ЖМК: Талибандар Пакистандагы окуу жайына кол салып, 500 киши туткунга алынды
Бычак кармаган адам. Архив

Таарынычтан улам адам өлтүргөн. Түптө эки шектүү кармалды

51
(жаңыланган 15:48 14.06.2021)
Райондук сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында адам өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 3-июнь күнү Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдагы эски тегирмендин жанынан азият улутундагы эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Факты Түп райондук ИИБдин бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган.

"Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Маркум 39 жаштагы Е.К. аттуу ошол эле айылдын тургуну экени маалым болгон. Кийинчерээк ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында негизги шектүү колго түшүрүлгөн. Ал дагы ошол эле айылдын тургуну 36 жаштагы Б.Н. аттуу адам болуп чыкты. Сурак учурунда шектүү көптөн берки таарынычынан улам кылмышка барганын айткан. Кийинчерээк ага жардам берген деген айып менен Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Колго түшүрүлгөн киши өлтүрүлгөн Е.К. аттуу адамды үйүнө чакырып бергенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
Подозреваемые в убийстве мужчины в Тюпском районе Иссык-Кульской области
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Шектүүлөр

Райондук соттун чечими менен кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, экөө тең эки айга камалышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

51
Белгилер:
кылмыш, факты, шектүү, адам өлтүрүү, Түп, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды
Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды
Кишенчен кармалган киши. Архив

Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды

69
(жаңыланган 15:26 14.06.2021)
Т.И.М. аттуу киши башында турган Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күчкө салып шаардын четине алып барышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Задержанный активный член ОПГ Кадырбека Досонова, Т. И. М., смотрящий по южному региону Кыргызстана
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды

Билдирмеге караганда, Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.И.М. баштаган адамдар 18-майда бир жаранды күчкө салып Ош шаарынын четине үч унаа менен алып барышкан.

"Ал жерден жабырлануучуну ур-тепкиге алып Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып, "жалпы кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле жабырлануучуну кыйнагандардын бири, Кадыр Досоновдун жеке айдоочусумун деген Р.у.А. кошумча дагы 1000 доллар опузалаган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт 203-берененин 3-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Кармалган Т.И.М. УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

69
Белгилер:
УКМК, кармоо, Уюшкан кылмыштуу топ, Кадыр Досонов, Ош
Тема боюнча
Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды
Тажикстандан кууп чыгарттык. Ташиев "Дженго" кантип кармалганын айтты
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

0
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды