БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мамлекеттер аралык издөөгө алынганын Sputnik сайтына ИИМ маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Мелис Мырзакматовду Интерпол аркылуу издөөгө алуу каралып жатканы маалымдалган.
"Мелис Мырзакматов мамлекеттер аралык издөөгө алынды. Тактап айтканда, КМШ мамлекеттеринин аймагында изделет. Ошондой эле Интерпол ИИМ тарабынан берилген документтерди карап жатат. Интерпол өз каналдары аркылуу издөөгө алганда гана Мырзакматов эл аралык издөөгө алынды деп айтууга болот", — деп маалымат кызматы түшүндүрмө берди.
ИИМдеги жеке булактар билдиргендей, ыкчам маалыматтар боюнча 10 күн мурда Мырзакматов Синцзян-Уйгур автономдуу районуна келген. Бирок, бул маалымат учурда такталууда. Эгер анын Кытайдын аймагында экени аныкталса, Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Себеби, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда издөөгө алынган кылмышкерлерди эки тарап бири-бирине өткөрүп берүү боюнча макулдашуулар бар. Буга чейин да кылмышкерлерди өткөрүп берүү фактылары болгонун ИИМ тастыктады.Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 27-ноябрда издөөгө алынган. Ага Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып, эки адам жабыркады. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү Шарабидин Айдаров тастыктады.
Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.
Айдаровдун айтымында, окуя бүгүн, 14-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй бараткан.
"Айдоочу саатына 80 чакырым ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа оодарылып, жол четине чыгып кеткен", — деди Айдаров.
Кырсык болгон учурда автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы бир жүргүнчү болгон. Азыр анын өздүгү такталууда. Көлүк айып короого киргизилип, кырсыктын себеби иликтенип жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Чүйдөн курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган ок-дарылар УКМК жана "Альфа" атайын кызматы 2010-жылдагы апрель, 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында табылган.
"Ал жерден АК-47 Калашников автоматынын эки магазини, 5.45-59 даана ок-дары жана РПГ-26 "Аглень" гранатомёту табылган. Алар күч түзүмдөрүнүн биринин балансындагы куралдар болушу мүмкүн", — деп жазылат билдирмеде.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар талап-тоноого тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал. Учурда УКМК тарабынан шектүүлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.