Башкы прокуратура Аманбаеванын полномочиесин токтотуу керек деп эсептейт

© Фото / Пресс-служба ЖК КРУрмат Аманбаева
Урмат Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Урмат Аманбаеванын депутаттык полномочиесин мөөнөтүнөн эрте токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссияына сунуштама берди.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын депутаттык полномочиесин мөөнөтүнөн эрте токтотуу боюнча сунуштама жөнөттү. Бул туурасында аталган көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта БШКга жөнөтүлгөн сунуштама депутат ыйгарым укуктарына туура келбеген иш менен алектенгендиктен, эки мыйзамга таянып жөнөтүлгөндүгү айтылат.

"Аманбаева ЖК депутатынын полномочиесине туура келбеген иш менен алектенип, Баш мыйзамдын 72; 73-беренесин жана КРдин "ЖК депутатынын статусу" жөнүндө мыйзамдын 5-беренесин одоно бузган", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Архив: кол - Sputnik Кыргызстан
Аманбаева менен кошо айыпталынып, кечээ асылып калган адамдын өлүмү иликтенип баштады
Бул туурасында Боршайкомго кайрылганыбызда, азырынча эч кандай документ келе электигин, сунуштама түшсө, БШК мүчөлөрү кезектеги жыйынында карап, андан кийин гана чечим кабыл алышаарын билдиришти. 

Башкы прокуратура ноябрь айында ЖК депутаты Урмат Аманбаевага коррупциялык схемага аралашкан деген айып менен кылмыш ишин козгогон, кийинчерээк аны иликтеп чыккандан соң, иши сотко өтөөрүн билдирген. 


Жаңылыктар түрмөгү
0