Глава МЧС РФ В.Пучков передал новую технику крымским спасателям

Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан каза болду

729
(жаңыланган 11:40 03.01.2015)
КР эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгон жол кырсыктан каза болду.

БИШКЕК, 3-янв — Sputnik. КР эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова 2-январда Караколдо болгон жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты КТРКдагы "Сармерден" теледолбоорунун автору Сагын Ниязалиева да тастыктады.

"Азыр чыгармачыл жамаат менен көз көрсөтүү үчүн кетип жатыбыз. Кечинде радиодон да түз алып уктуруу болот. Гүлзат Батырканова "Сармерден" теледолбоору башталгандан бери "эрке жеңе болуп" келген. Анын сөөгү эртең Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилет", — деди ал.

Маалыматтарга караганда машинаны Гүлзат Батырканованын баласы айдап келе жаткан. Ал олуттуу жаракат алган жок.

Белгилей кетсек, Гүлзат Батырканова КР эл артисти Шахра Талипованын кызы.

729
Белгилер:
Шахра Талипова, Сагын Ниязалиева, Гүлзат Батырканова, Каракол

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

237
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

237
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Кары киши. Архивдик сүрөт

Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

21
(жаңыланган 16:28 02.12.2020)
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Без вести пропавший Сулайманов Сайдали
© Фото / пресс-служба ОВД Московского района
Жоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов

Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

21
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, белги, издөө
Тема боюнча
Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт