ЖАМК: сим-карталарды жекелештирүү телефондук алдамчыларга бөгөт болот

Жазылуу
"Россиядан берип жиберген буюмдарга" байланышкан телефон аркылуу алдамчылык баарына белгилүү болсо да, дагы эле туугандарынан "белек" күтүп жаткан ишенчээк жарандар табылат. Адистердин пикиринде, алар алдамчылардын "бал тилине" муюп кетип, сактыкты такыр унутуп коюшат.

БИШКЕК, 3-янв — Sputnik. Алдамчылардын акча табууга болгон айла-амалдары болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүп турат. Муну жакында эле Ички иштер министрлиги жарыяланган маалыматтар да ырастайт. Түрмөдө отургандар телефон аркылуу алдоо менен 300 миң доллар "иштеп" табышыптыр. Алдамчылардын торуна түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керектигин Sputnikтин кабарчысы издештирип көргөн. 

"Менин атамдын телефонуна коңур үндүү бир жигит "ЭкоИсламикБанктын" атынан чалып, акча утуп алдың деп айткан. Дагы жакшы, мен жанында болчумун. Өзүм чалган телефондун номерине кайра чалсам, анда биринчи уюлдук телефондун чалууларды кабыл алчу борборунан имиштелгенкыз сүйлөп, анан мени баягы бала менен байланыштырды. Бирок бул жөн эле мурдатан жазылып алынган үн экендиги кокустан оюма келе түштү. Мен баягы балага банктын башкы офисине чалдым, ал жерден эч кандай утуш, байге болгон эмес дешти десем, жооптун ордуна жаман сөздөр, эркектердин келекелеген күлкүсү угулду", — деп жазган популярдуу интернет-форумун пайдалануучулардын бири.

Бул "коңур үндүү жигиттердин" амалдары көп: "Кумтөрдүн" атынан, уюлдук байланыш компанияларынын, ал турсун май куюучу жайлардын атынан да чалышат. Олуттуу жана ишенимдүү айтылган маалыматтар, расмий сөздөр, акчалай сыйлыктын суммасы – карапайым адамды алдоо үчүн пайдаланылчу айла-амалдын толук эмес тизмесин түзөт. 

Боорукерлерге ылайыкталган алдамчылык да бар. Алар мисалы, ити же мышыгы жоголуп кеткенин айтып, же, тескерисинче, сиздин тууганыңыз же бир жакыныңыз кырсыкка учурады дешет. Алдамчыга туш болгон адам чочуганынан карбаластап, тигинин номерине акча сала баштайт. Жоголуп кеткен сумка, телефонго ж.б. байланышкан варианттар да бар. 

Алдоочулуктун эң кеңири тараган дагы бир түрү бул бир нерсе сатуу жөнүндө берилген жарыя. Кимдир бирөө чалып жарыяда көрсөтүлгөн буюмду — автоунаабы, үйбү, иши кылып, сатып алам дейт да, телефонунда акча жок калгандыктан, кайра чалууну сурайт. Бир аздан кийин болсо чек арада "МАИчилер" кармап калды же дагы башка оюна келген шылтоону айтып, тиги же бул маселени чечип алууга телефонуна акча салып коюуну сурайт. Бир нерсеси өтпөй жаткан сатуучу мына эми сатып акча колуна тиет деген кубанычта алдамчынын айтканын жасай берет. 

"Россиядан жиберилген буюмдарга" байланышкан акча табуунун эң амалкөй жолу элге көп эле белгилүү болсо да, баары бир миграцияда жүргөн туугандарынан "белек" күтүп жүргөн жарандар ишенчээктик кылып алданып калышат. 

Баса, жакында эле ушул "классикалык" жол менен элге белгилүү бир чебер ырчыны да чоң акчага алдап кетишти.

"Өкмөттүн үйү"

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Толубай Жакишев жаза өтөөчү жайларда отургандардын кылмыш кылууга болгон мүмкүнчүлүктөрүнө каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. "Атайын контингенттин башка тараптар менен мыйзамсыз байланышып сүйлөшүүсүнө жол бербөө максатында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Мамлекеттик байланыш агенттиги менен биргеликте беш мекемеге уюлдук байланыш сигналдарын баса турган жабдуу орноткон. Бирок жакын жерлерде жашаган тургундардын даттанууларынан улам алардын үчөөндө жабдуу кайра өчүрүлгөн",—деди Жакишев.

Тыюу салынган буюмдарды таап жана алып коюу боюнча күн сайын жүргүзүлчү иш-чаралардын натыйжасында, 2014-жылы аталган мекемелердин аймагында кызматкерлер 4 миңге жакын уюлдук телефондорун алышкан. Байланыш жабдыгы түрмөлөргө ар кандай амалкөйлүк жол менен келет деп белгиледи маалымат катчысы. 

"Сим-карталарды жекелештирүү боюнча өкмөт тарабынан кабыл алынган долбоор телефон аркылуу алдоочулар үчүн дагы бир бөгөт болорун белгилегим келет. Себеби мында өз номерин башкага берерден мурун адам он жолу ойлонуп көрөт да", — деп кошумчалады Жакишев.

Азыркы учурда мекемелерди кайра жабдуу иштери жүрүп жатат. Кызматкерлер металл издегич, рентген-аппарат, сканер менен, ал эми имараттар болсо видео көз салуу жүргүзө турган жабдуулар менен камсыз кылынат деп баса белгиледи маалымат катчысы.

Телефон аркылуу алдамчылык фактылары боюнча 2014-жылы ЖАМКнын тергөө башкармалыгы 14 кылмыш ишин козгогон. Алардын он бири сотко жиберилип, 13 адам кылмыш жазасына тартылды. Анын ичинде эки адам мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматында иштегендер болуп чыкты. 

Алдамчылардын келтирген зыяны жалпысынан 233 миң сомду түзөт, анын 18 миңи жабыр тарткандарга кайтарылып берилди. Үч кылмыш иши тергөө баскычында турат. Алар боюнча кылмыш ишине тиешеси бар деген шек менен 500 миң сомдук акча эсеби соттолгон. 

"Номерге чалабыз"

2014-жылдын февралында "Кыймылдуу радио телефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" өкмөт токтомуна кол коюлган. Ага ылайык, келерки жылдын март айынан баштап уюлдук байланыш операторлору каттоого турбаган абоненттерге кызмат көрсөтө албайт. 

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чынгыз Бекташов номерди жекелештирүү аны пайдалануучунун өзүнө жакшы.

"Өлкө үчүн бул биринчи кезекте коопсуздукту, уюлдук байланыш аркылуу кылмыштардын азайышын билдирет. Мисалы, туура эмес номерге акча салып алган абонент 24 саат ичинде төлөмдү өз номерине кайра жибере алат",— деди Бекташов.

Байланыш кызматын пайдаланууга келишим түзгөндөрдүн 2014-жылдын 31-октябрына карата саны:

  • "НУР Телеком"ЖЧК — пайдалануучулардын 37,8 пайызы (абоненттердин жалпы саны— 1 миллион 693 455);
  • "СкайМобайл"ААК — 48,3 пайыз (абоненттердин жалпы саны— 2 миллион 624 369);
  • "Альфа Телеком" ЖАК— 30,2 пайыз (абоненттердин жалпы саны— 2 миллион 806 898).

Баса, уюлдук операторлор өзүлөрү да кардарларды алдамчылыктан коргоо максатында өз сайттарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

"Балалык кылба"

Дал ушул сөздөр азыр олуттуу мааниге ээ болуп баратат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пикири боюнча, жарандар көп учурда "бал тилге" берилип алып, сактыкты жана жөнөкөй эле коопсуздук эрежелерин эстен чыгарып коюшат. 

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, азыр калк арасында кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландалып жатат. 

"Уюшулган кылмышка каршы күрөш боюнча башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, телефон аркылуу алдоочулар жарандардын 15 миллион сомун алдап алышкан. Эгер алар элдин башын айлантып ушунча көп акча таап жатса, демек жарандар да сагыраак болушу керек да. Биз телефон аркылуу алдоочулардын колдонгон ыкма-жолдору тууралуу Кыргызстандын тургундарына маалымат берүү үчүн сүрөт материалдарын пайдалануу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү жатабыз", — деп кошумчалады Осмонбаев.

Кулагыңызга күмүш сырга!

  • Айкын жана көмүскө жол менен алдап акча тартып алуу аракети болсо:
  • Кырсыкка учурады делген адамга же азыр анын жанында турушу мүмкүн болгон адамга өзүңүз телефон чалыңыз.
  • Жашыруун маалыматтарды (акча карталарынын номери, PIN-код, сыр сөз ж.б.) башка бирөөгө бербеңиз.
  • Белгисиз же күмөндүү адамдар жиберген SMSтеги номерлерге акча которбоңуз. 
  • Сиздин номериңизге жаңылыш түшүп калган акчаны кайтарып берүүнү сурап чалгандарга уюлдук операторго кайрылууну сунуштаңыз.

Жыйынтыгында телефон аркылуу алдоочулардан сактануунун жалгыз ишенимдүү жолу алар менен сүйлөшпөө, бейтааныш адамдардын бир дагы, айрыкча акысыз деп аталган сунушуна жооп кылып иш-аракет жасабоо экендигин айтса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0