"Манас" аба майданынан чоочун паспорт менен учуп келген аялды кармашты

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный аэропорт "Манас"
Международный аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн таңда чоочун паспорт менен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган аял "Манас-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалды.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Чек арачылар бүгүн таңда Түркиядан чоочун паспорт менен учуп келген аялды "Манас" аба майданынан кармашты. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Чоочун паспортту колдонуп учуп келип, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген аял Түркияда үч жыл жашаган деп билдирди аталган маалымат кызматтын кызматкери Камчыбек Султаналиев.

"Ал аял Түркияда үч жылдан ашуун жашап, Стамбулдан Сабиха Гөкчен аэропорту аркылуу учуп келген. Текшерүү-көзөмөл жайынан башка ысымга таандык паспортту колдонуп өткөн", — деди Султаналиев.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандын ким экенин тактоо үчүн Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди деп билдиришти аталган кызматтын маалымат кызматынан.

Жаңылыктар түрмөгү
0