Крыло самолета

AirAsiaнын авиалайнери кыйраган жерде издөө жүргүзүү аймагы кеңейтилди

8
(жаңыланган 10:44 07.01.2015)
Издөө жүргүзүү операциясынын штабы Airbusтун кыйраган жеринде деңиз агымдарынын себебинен лайнердин калдыктарын жана анда курман болгондордун сөөктөрүн издөө аймагын күн сайын кеңейтүүдө.

БИШКЕК, 7-янв — Sputnik. Малайзиянын AirAsia авиа компаниясына тийиштүү, 10 күн мурун кыйроого учураган лайнерди издөө аймагы күн сайын кеңейип жатат деп билдирет РИА Новости, Индонезиянын Панкаланбуун шаарындагы ААК базасынын командачысы Жонсон Симатупангдын билдирүүсүнө таянуу менен. http://ria.ru/world/20150106/1041565458.html

Анын айтымында, Дүйшөмбүдө издөө жүргүзүү аймагы Калимантандын жээгинен ары карай 90х270 деңиз миляны түзсө, азыр ал 287 деңиз милясына жетти.

Авиа лайнерге издөө жүргүзүлүп жаткан жерде ылдамдыгы саатына 5-9 чакырымга жетип жаткан деңиз агымдарынын себебинен издеп-куткаруу операцияларынын аймагы күн сайын кеңейтилип жатат. Себеби суу агымдары аба кырсыгынан курман болгондорду жана учактын сыныктарын алыска агызып кетиши мүмкүн. Издөө операциясына 88 деңиз жана аба кемелери катышууда. 

Россиянын ӨКМдин Бе-200 учагы AirAsiaнын авиалайнери кыйраган жерде деңиздин үстүнөн дүйшөмбүдө 30 нерсени тапты. Алардын бири куткаруучу кийим кийген адамдын сөөгү деп таанылды. Индонезиянын куткаруу кызматы табылган нерселерди текшерип жатат. 

Малайзиянын AirAsia авиа компаниясына караштуу авиалайнер Индонезиянын Сурабая шаарынан Сингапурга 28-декабрда учуп чыккан. Бир аздан кийин учкуч аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу учуу багытын өзгөртүүгө уруксат сураган. Ага булуттуу аймакты айланып өтүүгө уруксат берилген. Бирок авиалайнер кырсык болгондугу тууралуу эч белги бербестен эле радарлардын экранынан жок болуп кеткен. Учактын бортунда 162 адам бар болчу.

8
Белгилер:
Сингапур, Cурабая, Индонезия, Air Asia
Тема боюнча
Куткаруучулар Air Asiaнын лайнеринин деңизге кулаганын божомолдошууда
Коронавируска кабылган бейтап. Архивдик сүрөт

COVID: 119 киши ооруну жуктуруп, үчөө көз жумду. 23-октябрдын маалыматы

82
(жаңыланган 10:29 23.10.2021)
Коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүп жатканы байкалууда. Азыркы тапта Кыргызстанда 130га чукул адам аталган илдет менен ооруп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 119 кишиден коронавирус аныкталып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Илдет менен алышып жаткандардын ичинен 73 адам айыгып кеткен.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 59;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 5;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 2.
"Соңку суткада 3 бейтап каза болуп калды, алардын коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталды. Бул учурларды алганда аталган вирустук инфекциядан көз жумгандардын саны 2650гө чыкты", — деп белгиледи штаб.

Пандемия башталгандан тарта илдет илештиргендердин жалпы саны 180 467ге жетти. Анын ичинен 174 934 адам дартты жеңген.

Азыркы тапта стационарда 663, ал эми амбулатордук шартта 640 адам дарыланып жатканы айтылды.

82
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, жугуу, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бишкекте 15-сентябрдан бери 50 окуучу коронавирус менен ооруду
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды

790
Райондук калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси чет өлкөлүк жарандарга паспорт алып берип, ордуна сый акы алып турганы аныкталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн О.Т.А. аттуу башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С. жасалма документ алып бергени үчүн шектүүгө акчалай сый акы бергени аныкталган.

Задержанный житель Кара-Кульдинского района по подозрению в изготовлении поддельных паспортов
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Шектүү

Факт боюнча Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 330-беренелери ("Паспортту мыйзамсыз берүү") менен сотко чейинки тергөө башталып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документ берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.

790
Белгилер:
кармоо, жасалма, паспорт, шектүү, Кара-Кулжа
Тема боюнча
Октябрь РИИБдин жетекчиси көп балалуу аялдан акча талап кылган деп кармалды
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

0
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат