Кызамык Бишкек менен Чүйдө көп болууда

© Sputnik / Ажар АлапаеваМатери с детьми больными корью
Матери с детьми больными корью - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Чүйдүн аймагында кызамык көп таралууда. Sputnik маалымат сайтынын кабарчысы Бишкек шаарында жайгашкан Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникага барып, ооруну жугузуп алган кичинекейлердин ата-энелери менен сүйлөшүп кайтты.

БИШКЕК, 23-янв — Sputnik. "Бейшембиде Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникага кызамык менен 150 оорулуу кайрылган. 81и ооруканага жаткырылса, алардын ичинен 50сү балдар", — деп билдирди аталган клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Аталган клиниканын каттоо жайында, дарыгерди күткөн медициналык бет капчан үч аял балдары менен отурду.

"Кызым жети айлык, кызамык менен ооруп калды", — деди энелердин бири.

Ал Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылганын, дарыгерлер кызын жугуштуу оорулар клиникасына жөнөткөндүгүн айтып берди.

"Эми дарыгерди күтүп жатабыз. Ооруканага жат десе, албетте, жатабыз, башкысы, балам айыгып кетсе болду. Кызамыкты коомдук транспорттонбу, кайдан жуктуруп алганыбызды билбейм, себеби, ал азыр бардык жерде болуп жатпайбы", — деди ал.

Дене табы ысыган 3 айдан 7 жашка чейинки балдар энелеринин колунда уктап жаткан балдар, алардын айтымында, кызмакка каршы эмделген эмес. Сүйлөшө келгенде, алардын бири баланы кызамыктан эмдөө керектигин менден угуп жаткандыгын айтты. Бул туурасында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бардык ата-энелерди кызамыкка, дагы бир нече ооруларга каршы эмдөө алышы керектигин кулакдар кылышы керек эле. Баланы эки ирет – 12 ай мезгилинде жана алты жашында эмдеш керек.

Башкы дарыгер бардык эрежелер сакталып эмдөөдөн өткөндөр, кызамык менен ооруп калышы мүмкүн деген версияны четке какты. Анткен менен календарлык план сакталбай жана эмдөөнү өз учурунда албай калган баланын кызамык менен ооруп калышын күтүүгө болот.

2014-жылдын декабрь айынан тарта жугуштуу оорулар клиникасына кызамыктын белгилери менен 1 646 адам кайрылса, 1 109у ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 646сы балдар.

"Бизге келген бейтапка алгач, эмне менен ооруп жатканын аныктайбыз. Анализдерди лабораторияга жөнөтөбүз, белгилей кетүүчү учур, бул мезгил ичиндеги анализдердин 97%ы оң деп чыкты, тактап айтканда, оору аныкталды. Ооруканага, илдети өтүшүп кеткен балдар жаткырылды. Кызамыктын балдарда кездешкен жеңил түрүн үйдөн дарыласа болот", — деди Аалиев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги республикада кызамыктык катталышы боюнча, башка маалыматтарды келтирип жатат. Бүгүнкү күнгө карата кызамык менен ооруган 2 161 учур катталса, лабараториялык текшерүүдө анын 414ү гана тастыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0