Айылдашын аткан айыл өкмөт башчынын ишин прокуратура тергеп жатат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: мылтык
Архив: мылтык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдашын атып салган Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын айыл башчысынын ишин райондук прокуратура тергеп жатат.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Айылдашын атып салган Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын айыл башчысынын ишин учурда райондук прокуратура өз өндүрүшүнө алып, иш тергелип жатат. Бул тууралуу Sputnik сайтына Нарын облустук прокуратурасы билдирди.

Архив: миниатюрное ружье - Sputnik Кыргызстан
Айыл өкмөт башчынын колунан каза болгон жарандын атасы пикирин билдирди
Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын башчысы жергиликтүү тургунун 22-январда түнкү саат 23:00тер чамасында мылтык менен аткан

Оор жарадар болгон жаран Жумгал райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок, эртеси, 23-январда ал каза болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон адам айыл өкмөтүнүн үйүнө барып, анын тынчын алган.

Райондук милиция изи сууй электе 47 жаштагы айыл башчысын кармап, убактылуу кармоо жайына камакка алган болчу.

Учурда иш райондук прокуратура тарабынан тергелип жатат, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган окуяга тийиштүү юридикалык баа берилет.

Айыпталып жаткан киши кызмат адамы болгондуктан, иш райондук прокуратурада каралып жатканын облустук прокуратурадан белгилешти. 

Мыйзам боюнча тергөө иши 2 ай жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0