БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымынын тууганы кармалганын биздин кабарчыга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Тергөөгө ылайык, кармалган жаран батирдин документтерин жасалмалап, аны сатып жиберген.
"Жабыр тарткандардын айтымында, 2014-жылдын сентябрь айында шектелип жаткан жаран 18 миң долларга шаардагы үйлөрдүн бирин саткан. Үйдүн документтери нотариустан жасалмаланган. Андан сырткары ал 1994-жылы туулган жарандын үйүн алдып туруп сатып жиберген", — деп билдирди милиция кызмакерлери.
Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Ош шаардык ИИБдин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүүдө.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Милиция Кыргызстандын түштүгүндө бизнесмендерди өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган топ бар экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ "салык" төлөөдөн баш тарткан ишкерлер менен коммерсанттарды эл жок жерге алып барып сабап коркутуп турушкан.
"Жалал-Абадда апрель айынын башында үч киши 29 жаштагы ишкерди күчкө салып машина менен алып кетишкен. Аны ээн жерге алып барып акча талап кылып сабашкан", — дешти ИИМден.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 16-апрель күнү Жалал-Абаддан 29 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Милиция учурда шериктерин издеп жатат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Бишкектин бир катар районунда электр энергиясы өчүрүлөт. Маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.
Бул күнү мекеменин кызматкерлери турак үйлөрдүн чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп, бак-дарактарды бутайт.
График: