"Кыргыздипсервис" МИ ТИМге кызматкерлерди мыйзам бузуулар менен кабыл алган

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: тышкы иштер министрилиги
Архив: тышкы иштер министрилиги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасы өз иш-аракеттери менен мамлекетке 195 миң сом зыян келтирген.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде 2013-жылы 18 референт катчы эмгек мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган деп билдиришти Эсеп палатасынан Sputnik сайтына.

Архив: курулуш - Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасы: "Жал-Артисте" социалдык турак-үйлөр мыйзам бузуу менен берилген
ТИМ менен "Кыргыздипсервис" МИнин ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, аталган МИ Тышкы иштер министрлигине ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнө катчы референттерди жиберип туруу боюнча акысыз кызмат көрсөтөт. Аталган катчылардын милдети ТИМдин борбордук аппарат жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу болуп эсептелет. Ошол эле учурда аталаган кызматкерлерди пайдалангандык үчүн ишкана акы алып турган.

Ошентип, текшерүү жүргүзүлгөн мезгил аралыгында "Кыргыздипсервис" МИ референттердин эмгек акысына делген 195 миң сомту короткон. Ал акча ишкананын чыгымдарына чегерилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0